Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

"Миронов аркылуу айттырышты". Бишкектин саясатына Кремлден реакция


Мамдуманын депутаты Сергей Миронов "Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары Орусиянын катарында согушка катышканы үчүн өз өлкөсүндө жазага тартылбашы керектигин" айтып чыкты.

Көп узабай Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Кыргызстандагы мамлекеттик тил мыйзамына байланыштуу комментарий берип, “Москва тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп үмүттөнүп жатканын" айтты. Украинадагы согуштун фонунда Кремлге жакын адамдардын мындай билдирүүлөрүнө Бишкек кандай реакция кылат?

"Миронов аркылуу айттырып коюшту"

“Адилеттүү Орусия” фракциясынын башчысы Сергей Миронов бул маселени 31-майда "Евразиялык кызматташтык алкагында Орусиянын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер" деген темадагы өкмөттүк саат учурунда көтөргөн.

Ал “Орусия согушка тарткан борбор азиялыктардын өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылганы туура эмес” деген пикирин билдирген. Мындай маселе жогорку деңгээлде чечилиши керектигин белгилеген.

"Өткөн жылдын сентябрь айында үч өлкө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан өз жарандары Орусия тарабында атайын аскердик операцияларга катышса, аларды мекенине келгенде кылмыш жообуна тартууну чечкен. Ушуга байланыштуу суроо туулат, биз бир уюмдун мүчөсүбүз жана ЕАЭБге ( Евразия экономикалык биримдиги -ред.) кирген өлкөнүн жараны бул уюмга кирген башка мамлекетке жардам берүүнү кааласа, эмне үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек? Эгерде кеп уюмга мүчө өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо жөнүндө болсо, анда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес. Мен мамлекеттер аралык чечим кабыл алуу зарыл деп эсептейм", - деген “Адилеттүү Орусия” фракциясынын башчысы.

Миронов мындай олуттуу маселени күн тартибине коюудан "коркуу жана уялуу туура эмес экенин" белгилеген.

Мамдуманын депутатынын интернетке тараган бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууланганы менен расмий Бишкек реакция кыла элек.

Азырынча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берип, ЕАЭБ аскердик биримдик эмес экенин, Кыргызстан кандайдыр бир согушка катышкан жарандарды колдоого милдеттүү эмес экенин жазды.

"Бизде мыйзам чыгарган орган бар. Кандай жаза кодексти жазабыз, кандай мыйзамдарды чыгарабыз өзүбүз билебиз. Экинчиден, бизге эч бир согуштун кереги жок. Орусия согушту биздин жарандар менен утабыз деп жатышабы билбейм. Кыргызстан кандай согуш болбосун каршы. Президент дагы өз позициясын билдирсе керек. Бирок мен согушка катышкандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейм".

2-июнда Чолпон-Атада өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" самитинде президент Садыр Жапаров коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөп, Украинадагы кырдаалга токтолду. Ал Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын белгиледи.

Жапаров Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын белгиледи.

“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчы “дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат” деп билдирген.

Кыргызстан Украина боюнча нейтралдуу позициясын улам кайталап, жарыялап келет.

Саясат талдоочу жана медиа эксперт Руслан Акматбек Мироновдун билдирүүсү ЕАЭБ, ЖККУ өңдүү Орусия кошулган интеграциялык биримдиктерде бир гана өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынарын жана ошол максатта түптөлгөнүн көрсөтүүдө деген ойдо. Ошондой эле муну башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп эсептейт.

"Ошол эле ЕАЭБде Орусия өз кызыкчылыгын эске алып, биздин товарларга, анча-мынча демилгелерге чектөө коюп текшерип жатпайбы. Мында биздин кызыкчылык эске алынбайт. Экинчиден, бул башка өлкөлөрдүн ички ишине одоно кийлигишүү болуп саналат. Бул дагы бир жолу Орусия бизди кол алдындагы вассал катары, толук кандуу суверендүү өлкө катары карабаганын көрсөтөт. Бул жаңжал дагы эмес, аскердик операция да. Үчүнчүдөн, бул маселе бекеринен көтөрүлгөн жок. Бул жалпы орус бийлигинин көз карашы, муну Миронов аркылуу айттырып коюшту. Эл аралык коомчулук мени колдоп жатат деген таризде Украинага карата жасалган кылмышта бизди орток кылгысы келүүдө. Дагы жакшы буга биздин кошуна өлкөлөр ага ортоктош болгон жок", - деди Акматбек.

"Согушка катышкан жаран абакка кесилет"

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Украинадагы согушка катышкан жаран 10 жылга абакка кесилген. Бул Орусия тарапта Украинадагы согушка катышканы үчүн Кыргызстанда жазага тартылган биринчи учур.

Act.sot.kg сайтына жарыяланган өкүмдө Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында "материалдык пайда табуу үчүн" Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка барганы айтылат.

Кыргыз бийлиги Украинадагы согуш башталганда эле чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Орусиядагы "Вагнер" аскердик менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка азгырып жатканы, алардын арасында борбор азиялык мигранттар да бар экени белгилүү болгон.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашуун кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган тогуз кыргыз жараны каза болгонун тактаган.

Бейрасмий булактар согушта окко учкан кыргызстандыктардын саны кыйла көп экенин жана от күйгөн талаадан ар кандай жараат алып келгендер бар экенин билдирип жатышат.

"Тил саясий куралга айланбаса..."

Мироновго улай эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Кыргызстандагы мамлекеттик тил мыйзамына байланыштуу комментарий берип, “Орусия Кыргызстан теңсалмактуу тил саясатын жүргүзөт деп үмүттөнүп жатканын" айтты. Эки күн мурда Жогорку Кеңеш мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө жана мекемелер менен уюмдардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик тилде жүргүзүүгө милдеттендирген мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган. Демилгечилер мында башка тилди басынтуу механизми жок экенин белгилеп жатат. Эксперттер Москва тил маселесин саясий курал катары пайдаланганын белгилеп келишет.

“Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, - деди Захарова.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган. Демилгечилер муну тарыхый чечим деп аташкан. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттеги талкуу учурунда долбоор мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганы, ал талдоонун негизинде жана эксперттердин, окумуштуулардын, жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканы айтылган. Демилгечиси өкмөт, документти Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия иштеп чыккан.

Президент кол коюп, жаңы мыйзам толук кабыл алынса, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, менчик түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болот.

Шайлоого, референдумдарга даярдык жана аны өткөрүү, соттук өндүрүш, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргызча болуп, эл аралык келишимдерди түзүү, нормативдик актыларды, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар жана товардык белги, фирманын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамда мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген норма дагы бар. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев мыйзамда орус тилин төмөндөткөн бир дагы берене жок экенин белгиледи.

"Мында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү нормасы киргизилген. Бул жерде орус жана башка тилдерди басынткан механизмдер жок. Ошондуктан ашыкча пикир айтуунун деле кажети жок деп ойлойм", - деди Осмоналиев.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө. Бул тема Кыргызстан менен Орусиянын жогорку жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө дагы козголуп жүрөт. 7-9-майда Москвадагы расмий сапары учурунда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилин сактоо маанилүү экенин айтканын Мамлекеттик Думанын расмий сайты жазган. Ал эми кыргыз президентинин администрациясы Москвадагы жолугушууда орус тил маселеси көтөрүлгөнү тууралуу маалымат берген эмес.

Кыргызстанда орус тилине каршылык болбой турганын 11-майда “Биринчи радиого” курган маегинде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев белгилеген:

"Кыргыз тилин өнүктүрүү – мамлекеттин милдети, биз муну өз элибиз үчүн кылып жатабыз. Бирок орус тилине эч кандай каршылык болбойт. Орус тили биздин Советтер Союзунан берки жетишкендик, ошону биз сактап калышыбыз керек. Орус тили – дүйнөлүк тил, БУУнун тили. Ал биздин байлык".

Исаев Орусия менен мамилени "өтө маанилүү, өтө керектүү" деп атап, Кыргызстандын бизнес, миграция маселеси бул өлкө менен байланышта болуп турганын, жетекчиликтин милдети ошол мамилени сактап, өнүктүрүү экенин белгилеп, "Геостратегиялык жактан Борбор Азия да Орусияга керек" деп айткан.

Эксперттер Украинадагы согуштун контекстинде Москва орус тил маселесин саясий курал катары пайдаланганын белгилешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган тажрыйба башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген. Бирок президент Садыр Жапаров аны "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган.

Жакында Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы “Валдай” клубу уюштурган III Борбор Азия конференциясында тил жөнүндө сүйлөп жатып, “улуттук крокодилдердин" нааразылыгына карабай жогорку окуу жайларда сабак орус тилинде өтүп жатканын айткан.

Бул социалдык тармактарда кызуу талкууга жол ачып, Жоробековага сөгүш берилген.

Пост-советтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда гана орус тилине расмий деген макам ыйгарылган. Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ экени жазылган.

Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай жатканын, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча өтөрүн сындап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG