Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Маалымат саясаты жана коопсуздук. Бишкек Москванын жолоюна түшөбү?


"Азаттык Медианын" иши боюнча сот жараянында тартылган сүрөт. Бишкек. 27-апрель, 2023-жыл.
"Азаттык Медианын" иши боюнча сот жараянында тартылган сүрөт. Бишкек. 27-апрель, 2023-жыл.

Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты. Садыр Жапаровдун Москвага сапары учурунда жасалган билдирүү Кыргызстанда сөз эркиндигине басым болуп жаткан учурга туш келди.

Өлкөдө саясатчы-блогерлер камакка алынып, “Азаттык” радиосу жарым-жартылай жабылды. Жарандык коомго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдар катаалдатылып жатат.

Жаңы билдирүү, эски макулдашуу

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Москвадагы жолугушуунун соңунда кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

21 пункттан турган билдирүүдө саясий, соода-экономикалык, банк жана каржы тармагында, гуманитардык, илим, маданият, искусство, маалымат, туризм жана башка багыттарда кызматташууну улантуу жана өнүктүрүү тууралуу жазылган.

Мындан тышкары айлана-чөйрөнү коргоо, түрдүү табигый кырсыктарга, чукул кырдаалдарга каршы күрөшүү, суу-энергетикалык ресурстарды колдонуу жаатында да алака-катышты улантуу маселеси камтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик парад учурунда. Москва, Орусия. 9-май, 2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик парад учурунда. Москва, Орусия. 9-май, 2023-жыл.

11-пунктта Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоодо аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгы белгиленген. 12-пунктта эл аралык терроризмге жана аны каржылоого каршы, диний экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, коррупция, арам акчаны адалдоо, маңзат, аткезчилик жана башка мамлекеттик кызыкчылыкка жана аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратуучу көрүнүштөргө чогуу каршы туруу маселеси камтылган. Ушул эле бөлүктө эки өлкө маалымат коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты күчөтөрү белгиленген.

“Тараптар Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосунда 2021-жылдын 25-февралында кабыл алынган эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуунун жана Кыргызстандын президенти менен Орусиянын президентинин 2022-жылдын 9-декабрындагы эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен билдирүүсүнүн негизинде өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүнү улантат”, – деп айтылат анда.


Мындан түшүнүктүү болуп тургандай, Бишкек менен Москва бул өңүттөгү макулдашууларды буга чейин эле кабыл алып келген. Бирок мында айтылган эки документ тең соңку жылдары жетишилгени көрүнүп турат.

Жаңы билдирүүдө биргелешкен аракеттер кандай болору так көрсөтүлгөн эмес, туюк гана кеп болгон.

Бирок мисал келтирилген 2021-жылкы өкмөттөр аралык макулдашууда “үчүнчү тараптардын ички-иштерге кийлигишүү, коопсуздукка, аймактык бүтүндүккө шек келтирүүчү жана стабилдүүлүктү бузуп, түрдүү жаңжалдарды уюштурууга болгон маалыматтык аракеттерге каршы биргелешип күрөшүү” шарты жазылган. Муну үчүн тараптар коркунучтарга каршы чараларды макулдашууну, чогуу координациялоону, маалымат алмашууну, мыйзамдарды биргелешип иштеп, олугушууларды уюштуруп турууну макулдашкан.

Саясат талдоочу жана медиа эксперт Руслан Акматбек кеп болуп жаткан макулдашуунун жана биргелешкен билдирүүнүн маңызын мындайча чечмеледи:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө маалыматтык коопсуздук жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Себеби дегенде, биз эл аралык окуяларды, эл аралык күн тартипти башка өлкөнүн, ошол эле Орусиянын медиалары аркылуу карайбыз. Көз карашыбыз ошондой калыптанып калган. Эгерде биз маалыматтык коопсуздук жөнүндө кеп кыла турган болсок, анда тескерисинче орус медиасынын гегемониясына жол бермек эмеспиз. Мындагы макулдашуулар мага “маалыматтык саясатты үндөш жүргүзөбүз” дегендей угулду. Демек, Орусия өз маалымат айдыңында эме кылып жатса, биз дагы куду ошондой эле нерселерди жасайбыз, ошолорду туурайбыз, ошол багытта кетебиз деген сөз. Орусиянын бийлиги өзүнө жакпаган медиаларды кандай жапса, Кыргызстан дагы ошентерине кепилдик алгандай болду. Москва бийликти сындаган, адам укуктарын козгогон, коррупцияны ашкерелеген мекемелерди “чет элдик агент” деп койбодубу, ошондой нерсе бизде да толук кирип калышы мүмкүн. Орусияда кандай пропаганда болсо, бизде да куду ошондой пропагандалык жолго өтөбүз. “Альтернативдүү, сынчыл маанайдагы, “батышчыл” маалымат булактарын жабабыз” деген мессеж окшойт”.

Окшоштуктар

Айткандай эле, Орусия менен Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги саясатында, медиа коомчулукка жана жарандык коомго жасаган мамилелеринде соңку жылдары көп окшоштуктар катталып келет.

Орусия 2012-жылы “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзам кабыл алган. 2014-жылдары Кыргызстанда дароо эле ушунун аналогу сунушталган. 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияда бул мыйзам дагы катаалдаштырылып, коммерциялык эмес уюмдар менен медиалардан сырткары жеке адамдар атайын реестрге киргизиле баштаган. Ушул тушта Кыргызстанда дагы ошого окшош мыйзам кайрадан күн тартибине чыкты.

Надира Нарматова
Надира Нарматова

Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлгө алууга аракет кылган "Чет элдик тыңчы" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова иштеп чыгып, өткөн жылы 22-ноябрда коомдук талкууга койгон. “Адилет” укуктук клиникасынын анализине ылайык, Нарматова сунуштап жаткан мыйзам долбоору 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөн.

25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиядагы расмий сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан учурда, орус спикери ачык эле "Чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин, ал үчүн Думанын тажрыйбасы мол экенин айтты.

Парламенттин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү жазылган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршылык билдирип чыгышкан.


Былтыркы жылдан тартып президент Садыр Жапаровдун администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун даярдап сунуштады. Ал интернет медиаларды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын көзөмөлдөөгө багытталган. Адистер бул мыйзамдардан да орусиялык мыйзам чыгаруучулардын “кол жазмаларын” табышкан.

Башка мисал, "Эркин Европа/Азаттык радиосу" корпорациясынын орус кызматы – “Свобода” радиосуна Орусия бир топ жылдан бери кысым көрсөтүп келип, былтыр мартта Москвадагы кеңсесин толук жапкан. Ушунун артынан эле Кыргызстандын бийлиги корпорациянын кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотууну чечти. Бишкектин Ленин райондук соту 27-апрелде “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган, эми иш шаардык сотто каралып, ары же бери болушу керек.

Серепчи Турат Акимов бул окшоштуктардын баарын мындайча баалады:

Турат Акимов
Турат Акимов

“Биздин депутаттарга өзүбүздүн эле бийликтин “сөз эркиндигин буугула” деген тапшырма түшөт. Алардын көбү өздөрү мыйзам долбоорун жаза алышпайт. Натыйжада орустардан, казактардан, өзбектерден мыйзамдарды көчүрүп, компиляция (ред: башка бирөөнүн эмгегин өзгөртпөй көчүрүү) кылып алышат. Бул алар үчүн оңой иш. Ошонун ичинен Орусиянын мыйзамдары алдыракта болгону үчүн ошолордон көбүрөөк көчүрүп алып жатышат. Министрликтерде деле ошондой. Мисалы, силердин “Азаттыкты” “жаап койгула” деп, Маданият министрлигине тапшырма берилди. Алар ойлонбой туруп жаап коюшту. Ошол себептүү Москва биздеги сөз эркиндигин кысымга алуу же, кайсы бир медиаларды жабуу боюнча түзмө-түз тапшырма берет дегенге болбойт. Кантсе да эгемен мамлекетпиз. Москва Бишкекке болгону ишарат кылып коёт. Же болбосо “бизде ушундай мыйзамдар бар, ошону сунуштайбыз, карап көрүңүздөр” деген сыяктуу айтышат. Орус аткаминерлери “эки президенттин меморандумунун, эки өкмөттүн макулдашуусунун негизинде ушуга көңүл буруп койгула” деп, кайсы бир маселени көрсөтүп коёт. Болду, аны биздикилер ашыкчасы менен аткарып, аларга жага тургандай тууралап коюшат. Даяр мыйзамды алып, “РФ” дегенди “КР” деп өзгөртүп, көтөрүп чыгат. Алтургай айрым долбоорлордо так ошол эки тамга өзгөртүлбөй, сунушталып кетип жатпайбы?!”.


Баса, Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда мурдагы бийликтердин маалындагыдай эле камоолор да жетиштүү болуп жатат. Башында президент Садыр Жапаровдун 2021-жылкы шайлоодогу атаандаштары, 2020-жылкы Октябрь окуяларынын катышуучулары, “Жетим-Тоо” кенин иштетүүгө каршы чыккандар, ар кайсы маселелерди козгогон блогер-активисттер кармалды. 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өткөрүлүшүнө каршы чыккан отуздай саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлердин кармалышы чоң талкуу жаратты. Алардын бир тобу жарым жыл абакта жатып чыкса, дагы бир тобу дале тергөө абагында.

Ортодо бир нече журналист да ар кайсы иштердин алкагында камалып, кайра чыкты. Бир катар медиаларга кылмыш иштери козголду.

Жергиликтүү уюмдардын жана эл аралык уюмдардын жоон тобу мунун баарын адам укуктарын жана сөз эркиндигин кысымга алуу деп баалап, азыркы бийликке түрдүү кеңештерин берип келатышат. Бирок жогорку аткаминерлер бул жүйө менен көп макул эмес.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата сөзүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги толук сакталып жатканын белгилеп, 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам аны камсыз кылып берерине ишендирди:

Садыр Жапаров. 5-май, 2023-жыл.
Садыр Жапаров. 5-май, 2023-жыл.

"Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат. Бүгүнкү күндө демократияны, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аракетибизди колдоп-коштоп жаткан эл аралык өнөктөштөрүбүз менен достук мамиледеги өлкөлөргө ыраазычылык билдире кетейин. Биз сиздердин колдооңуздарды жогору баалайбыз жана өз ара пайдалуу кызматташтыгыбыз уланат деп үмүт артабыз. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу болгон Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга ар дайым умтулат”, – деди президент 5-май күнү филармонияда.

Деген менен Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашты.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму 3-майда жарыялаган баяндамасында, бул – чөлкөмдөгү абдан сезилерлик начарлоо экенин көрсөткөн. Дүйнөлүк алкакта 57 позициясын жоготкон Бутан гана Кыргызстандын алдында турат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG