Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

"Баш мыйзамды бийлик баш болуп сакташы керек". Конституцияга 30 жыл


Азыркы Конституцияга 2021-жылдын 5-майында салтанаттуу жыйында кол коюлган. Борбордук трибунада президент Садыр Жапаров. 2021-жылдын 5-майы.
Азыркы Конституцияга 2021-жылдын 5-майында салтанаттуу жыйында кол коюлган. Борбордук трибунада президент Садыр Жапаров. 2021-жылдын 5-майы.

Кыргызстанда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Өлкөнүн эгемендик тарыхында Конституция онго жакын өзгөртүлүп, бир нече жолу кризистик кырдаалды башынан өткөрдү.

Ар бир келген бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал ишке ашып келди. Өлкөнүн негизги мыйзамы болгон Баш мыйзамдын 30 жылдык мааракеси өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөп, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрү көбөйгөн учурга дал келди.

Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров 5-майда кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчы мындай билдирүүсүн Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өткөн иш-чарада сүйлөп, 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын максаты - эффективдүү мамлекеттик башкарууну уюштуруу экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров учурда өлкөнүн алдындагы негизги милдеттер - демократиялык принциптерди бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин чыңдоо экенин билдирди.

Президент эгемендик жылдарында Конституция бир нече жолу өзгөртүлүп, Баш мыйзамга жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилгенине токтолгон.

"Азыркы мезгилде эл биримдигинин, өлкөнүн көз карандысыздыгы менен мамлекеттин бүтүндүгүнүн, коомдун өнүгүшүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык тирегинин калыптанышынын негизи дал ушул Конституция болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн алдында турган негизги милдеттер жалпы таанылган демократиялык ынанымдарды ырааттуу бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин чыңдоо болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Конституциябыздын дем-күчүн, маанисин жакшы билүүгө тийиш", - деген Садыр Жапаров.

Ал мамлекет олигархиялык топтордун жана кландардын барымтасында калбашы үчүн мамлекетте демократиялык жол-жоболор колдонулушу керектигин, жеке кызыкчылыгын көздөгөн топторго каршы туруу үчүн жарамдуу административдик бийлик талап кылынарын кошумчалады.

Президент өлкөдө сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турарын белгилеп, “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер” деген принцип сакталарын айтты.

“Конституцияны бузуу нормага айланууда”

Өлкөнүн негизги мыйзамы болгон Конституциянын 30 жылдык мааракеси өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөп, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрү көбөйгөн учурга туш келди. Дал ушул жагдайлар Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата 4-майда Бишкекте "Тандем" юристтер коому уюштурган жыйын учурунда да талкууланды.

Жыйында айрым саясатчылар Баш мыйзамдын нормаларынын бузулушу нормага айланып баратканына тынчсыздануусун билдиришти.

Маселен, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Баш мыйзамда каралган адам укуктарынын жана эркиндиктеринин азыркы учурдагы абалына мындай баа берди:

“Конституцияны урматтоо жок, урматтоо аны биз далай ирет өзгөрткөнүбүз үчүн эмес, урматтоо – эл менен бийлик параллелдүү дүйнөдө жашагандан улам болуп жатат. Себеби, Конституция бул кандайдыр бир декларация, эл ага таянып өз укуктарын эч убакта коргой албайт”.

Ал мисал катары сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча Кыргызстан артка кеткенин айтып, Акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгы камсыздалбай жатканы Жогорку Кеңештин толук көз каранды болуп жатканынын белгиси деди.

Акыйкатчынын иштен алынышына байланыштуу маселеде мыйзам бузуу жок экенин парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 3-майда билдирди. Анын пикиринде, эч бир процедуралык нормалар бузулган эмес.

Конституциялык сот: Баш мыйзам максат катары

Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституцияны азыркы учурда Министрлер кабинети бузуп жатканын, себеби өкмөт жашоо минимуму боюнча норманы аткарбай келатканын белгиледи:

“Конституция боюнча биз эки позицияны катуу айтып жатабыз. Биринчиси – 44-берене боюнча биз быйыл январда Конституцияга кайрылдык, анткени ал беренеде “Кыргыз Республикасында пенсия, жөлөк пулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деп турат. Бирок эки жылдан бери ал норма аткарылбайт, билесиздер – ал азамат “эгер парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтсөк, бүтүндөй жүккө өз керт башым менен жооп берем” деп ант ичкен. Ант бергенден кийин аны аткар деп жатабыз, себеби ал талап менин – Мадумаровдун талабы эмес, ал Конституциянын талабы. Эң керектелүүчү куржунду мен Акылбек Жапаровдон сурасам ал “6800 сом” деп жооп берди. “Эң төмөнкү пенсия канча?” десем “1200 сом” деди, беш эсе аз болуп жатпайбы! Урматтуу туугандар, бул – Конституциянын талабы, эгер Конституциянын бир эле беренеси иштебесе, анда андай Конституцияны ыргытып эле жибериш керек. Биз январда Конституциялык сотко кайрылдык, андан кийин кайрылган Акылбек Жапаровдун арызына сот “эми карап көрүш керек” деп коюптур. Кийин Конституциялык соттун азаматтары жооп бере турган учур келет. Алар экинчи пунктунда “бирок, Жогорку Кеңеш мыйзамдарды караганда ушул бөлүктү эске алыш керек” деп коюптур. Бул эми эмне деген сөз!?”.

Мадумаров айтып жаткан Баш мыйзамдагы 44-берене көптөн бери оппозиция менен өкмөттүн ортосундагы талаштын предмети болуп келген. Оппозиция дал ушул беренеге таянып, Министрлер кабинети өлкөдөгү пенсия менен жөлөк пулдун өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн болбогондой шартты түзүш керектигин талап кылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жаткан себебин өкмөттүн алына, өлкөдөгү экономикалык шартка байланыштырган. Конституциядагы бул норма боюнча Министрлер кабинети Конституциялык сотко кайрылган.

Конституциялык сот өткөн айдын соңунда Баш мыйзамдагы “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген беренени талкуулап, чечим кабыл алды. Анда Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганы, ал максат деп чечмелеп берди.

Конституция бир нече жеринен бузулууда

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун азыркы бийлик тарабынан Конституциянын бир катар беренелери бузулуп жатат деген ойдо.

Мындай кадамдар акыры барып-келип элдин жапырт нааразылыгын жаратышы ыктымал деген кооптонуусун ортого салды.

“Эки жыл мурда Конституция кабыл алынганда аябай кубанган элек. Ишеним артып, эл президенттик форманы тандады, бийликтин вертикалы орноду, эми иштеп кетет деген элек. Бирок былтыр 23-октябрдан бери 30го чукул адам камалып, ошондон бери Конституциянын алты беренеси бузулуп жатат. Мисалы, 32-37-39- беренелер сөз эркиндигине байланыштуу, мына “Азаттык” баштаган эркин медиаларга кысым күчөдү. Андан тышкары 37-беренедеги жыйындарга эркин чогулуу укугу бузулуп жатат. Ошондой эле 39-беренеде ар бир жаран өз пикирин эркин, куугунтуксуз билдирүүгө укуктуу деген норма дагы одоно бузулуп жатат. Ошол эле Конституцияда жарандардын ар-намыс, аброюна шек келтирген болбойт деген норма бар, шек келтирмек турсун таңкы саат жетиде үйүнө барып, сабап, камап, мына алты айдан бери абактан чыгарбай жатат. Ушинтип алты берене бузулуп жатат, алты берене эмес, бир беренеси эле бузулса, мамлекет башчысына, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына суроо болушу мүмкүн”.

3-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланышат", - деген билдирүү тараткан.

Оңдолгон Конституциялар, оңолбогон турмуш

Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин Конституцияны өзгөртүп, толуктап келет. Кыргызстан эгемендикти жаңыдан алган убакта “легендарлуу парламент” деген ат менен Жогорку Совет иштеп, ал 1990-жылы 15-декабрда “Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө” декларацияны, 1991-жылы 31-августта “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” декларацияны жана 1993-жылы 5-майда “Кыргыз Республикасынын Конституциясын” кабыл алган.

Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова Баш мыйзамды кабыл алуу тарыхына токтолуп, Конституция бир катар кризистик кырдаалдарды башынан өткөргөнүн айтып берди:

"2005-жылы Акаев качканда бир гана сот системасы мыйзамдуу болуп калды. Анткени Николай Танаев баштаган өкмөт отставкага кетти, мурдагы парламент иштен баш тартты, жаңы шайланып келген Жогорку Кеңеш ант берип ишке кире элек эле. Ошондо мага Алмазбек Атамбаев келип “учуп кетти” деди, эми кимдин учуп кеткени белгилүү эле. Мына ошондо Конституциялык сот жоопкерчиликти өзүнө алган. Ага чейин мен Аскар Акаевдин кабыл алуусунда үч саат тургам, ага мен “кийинки мөөнөткө барбайм деп айтыңыз” деген сөзүмдү айтмакмын, бирок, андай болгон жок”.

Баекова айтып жаткандай, өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев дал ушул Баш мыйзамды биринчи жолу 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Акаевдин тушунда Баш мыйзам андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлдү. Алардын баары тең өлкө башчынын укуругун узартты. Дал ушул өзгөртүүлөргө Чолпон Баекова баш болгон Конституциялык сот жол берген деп сындаган пикирлер азыркыга чейин арбын.

2005-жылы бийликтен кулатылган Акаевден кийин президент болгон Курманбек Бакиев да Конституцияны өзгөрттү. Алгач оппозициянын талабы менен 2006-жылы бийликтин тең салмактыгына багытталган аракеттер болсо, бир жыл өтүп-өтпөй Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кайра референдум жарыяланган. Анда Бакиев өз бийлигин бекемдеген.

2010-жылы апрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып кетип, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам "2020-жылга чейин өзгөртүлбөй" тургандыгы белгиленген.

Ошого карабай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Ошентип кыргыз Конституциясы 90 алекеттен өтүп, тогуз жолу өзгөртүлдү. Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашкан соң 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кезектеги жолу өзгөрдү. Анда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, бийликтин вертикалы чыңдалды. Мындай муктаждыкты Жапаров башында турган бийлик жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгы менен түшүндүргөн. Андан бери дал ушул Баш мыйзам иштеп келе жатат. Азыркы бийлик Конституция баштаган мыйзамдарды жетекчиликке алып иштеп жатканын айтып келет.

Кыргызстандагы референдумдардын таржымалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG