Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Демократия баалуулуктары: тынч жыйын куруу эркиндиги


Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы жарандардын акциясы. 2020-жылдын 5-октябры. Бишкек.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы жарандардын акциясы. 2020-жылдын 5-октябры. Бишкек.

Адам укуктарынын фундаменталдык негиздеринин бири - жарандардын тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги. Кыргызстандын Баш мыйзамы сөз эркиндиги, шайлоо укуктары менен тең катар баалуулук катары жарандардын митинг, пикет аркылуу өз позициясын билдирүүсүнө кепилдик берет.

Өткөн аптада Бишкек шаардык соту адвокат Бактыбек Жумашевдин айрым жерлерде акцияларды өткөрүү боюнча арызын четке какты. Тынч жыйындарга эркин чогулуу - демократиялык коом үчүн канчалык маанилүү? “Демократия баалуулуктары” түрмөгүнүн бул чыгарылышы (экинчи макала) мына ушул өзөктүү маселеге арналды.

Демократиянын авторитаризмден айырмасы – эл менен тыгыз мамиледеги бийликтин мыйзамга негизделген системасы. Шайлоо менен референдумдардан тышкары калктын калың катмары болобу же аз бөлүгүбү - тигил же бул маселеге өз мамилесин билдирүүнүн жолу бул нааразычылык акциялары, протест, митинг, пикеттер.​

Биринчи макала:

Cоветтер Союзу маалындагы алгачкы кыймылдар

Советтер Союзу маалында нааразычылык акцияларына толук тыюу салынган. Михил Горбачевдун "кайра куруу жана айкындык" саясатынан кийин Кыргызстанда 1989-жылдардан тартып андай саясий жүрүштөр коом турмушуна кең-кесири кире баштаган.

Алгач коңшу Казакстандагы Желтоксан окуясына аң-сезими курч жаштар жардамга топтолуп, Алматыга сапар алышы, андан кийин Абсамат Масалиевдин бийлигине каршы жарандардын Ак үй алдындагы ачкачылык пикеттери, ошол эле тушта Бишкектен үй салууга жер талап кылган “ашарчылардын” акциялары, Улуу Үркүндү эскерип Жыпар Жекшеев баштаган патриоттордун Бишкектен Ысык-Көлгө жасаган жөө жүрүштөрү коомдогу ошол учурдагы жана тарыхтагы айрым курч делген маселелерге бийлик менен элдин, керек болсо дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, ал маселелерди чечүүгө жасалган жан арга эле.

Эгемендик толгоосу

Башка көпчүлүк советтик республикалардан айырмаланып Кыргызстанда биринчи жетекчинин алмашуусуна дал ошол 1990-жылы 26-27-майда Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) түзүлүшү, анын курамындагы Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Төлөн Дыйканбаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жумагазы Чоң Аюу баштаган инсандардын нааразычылык акциялары таасир бергендей.

Анын үстүнө 1990-жылы жай айларында Ошто чыккан улуттар аралык чыр-чатак дагы Абсамат Масалиевдин үзөңгүсүн бошоткон. Кыскасы, ошол жылдын октябрь айында Жогорку Совет ичинен кайнап, тышта болсо КДКнын өз талаптарын нааразычылык акциясында кызытып, президенттик шайлоодо мурдагы биринчи катчы эмес, жаңы адам - Аскар Акаев шайланган.

Ал окуяларды саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев “Азаттыкка” мындайча бышыктады:

“Союздун акыркы жылдарында демократия, кайра куруу процесстери башталбады беле. Тышкы дүйнөдөн башталып келген ал процесстер кыргыз коому тарабынан жан дили менен кабыл алынып, ар бир жаранда шыктануу пайда болгон. Өз кезегинде ага саясий негиздер себепкер болгон, анткени Кыргыз ССРинин саясий жетекчилигине, анын жүргүзгөн саясатына, кандайдыр бир деңгээлде саясий пассивдүүлүгүнө калк 1990-91-жылдары массалык түрдө позициясын билдирип чыкканы али да болсо эсимде. Ошол массалык митингдер, саясий өз көз карашын коргоолор Кыргызстандагы демократиялык процесстердин башаты болуп калды. Ал окуялар соңку жаңы тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Андан кийинки саясий процесстерде дагы жөө жүрүштөргө, тынч митингдерге чыгуу демократиянын атрибуттары, негизги көрсөткүчтөрү катары кызмат кылды. “Демократия аралчасы” аталып, дүйнө коомчулугу тарабынан Кыргызстанга көңүл бурулуп турганы ошондой саясий процесстердин жемиши болду, анын жыйынтыктары кайсы бир деңгээлде жаман болгон эмес. Бизге коңшу эле мамлекеттерде авторитардык режимдер өкүм сүрүп, катаал чектөөлөр кирип, терс көрүнүштөр оголе көп учураган. Баары салыштыруу менен ченелет эмеспи, Кыргызстан мына ушул жагынан коңшуларынан өзгөчөлөндү”.

1991-жылы күз айларында баалардын өскөнүнө байланыштуу Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери андагы Ленин, азыркы Ала-Тоо аянтына биринчилерден болуп чыгышкан. Мындайды күткөн эмеспи же демократиянын белгисиби – азыр абакта жаткан Бектур Асанов баштаган өкүлдөрдү президент Аскар Акаев өз кабинетине чакырып, кабыл алып, сүйлөшкөн эле.

Бирок пикет, митинг, акциялардын парады аны менен токтоп калган жок. Ошондон тартып өлкөдө кайсы бир ири шайлоо, референдумдар же саясий, социалдык олуттуу окуялар жарандардын көчөгө чыгуусу, жол тосуусу, ачкачылык кармоосу менен коштолуп жүрүп отурду.

Кеп кайрадан саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевде:

“Тынч жыйындарга чогулуу, өз пикирин билдирүү - адамдын саясий, социалдык укугу болуп эсептелет. Эгер Кыргызстан “демократиянын аралчасы” деген атак алган болсо анын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири - жарандардын тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги, сөз эркиндиги болду да. Ошону аркасы менен жанагындай атакка ээ болдук. Адамдын саясий, социалдык укуктарынын корголушу, корголушу эле эмес, ал аркылуу өз позициясын билдирүүсү биздин өлкөдөгү демократиялык процесстердин айкын көрсөткүчү, анын ажырагыс бөлүгү катары саналып калган”.

Кыргыз тарыхында түбөлүк кала турган нааразычылык акциялардын катарында Аксы окуясы бар. Анын келип чыгышына депутат Азимбек Бекназаровдун камалышы, Кытай менен чек араны чечүүдө Үзөнгү-Кууш тилкесинин саясатка айланышы, Аскар Акаевдин үчүнчү мөөнөткө аттанышы, коррупциянын жоюлбай, эл турмушунун жакшырбай туруп алышы сыяктуу бир катар факторлор түрткү болгон.

Жарандар көчөгө эмнеге чыгат?

Ошентип бул ирет элдин бир бөлүгү, же жарандар эмне себептен нааразычылык акциясына, митинг, пикеттерге чыгат деген суроо жаралат.

Биринчиден, бул мамлекеттеги тигил же бул саясий, социалдык-экономикалык маселелер өз убагында чечилбей, же туура эмес чечилип жаткандан. Чечилсе дагы бир ууч топтун гана кызыкчылыгында жүзөгө ашып, көпчүлүк учурда калктын калың катмары көңүл тышында калганы нааразычылык жаралат.

Ошол эле маалда акция, протест, митинг, пикетке чыгып, позициясын ачык билдиргендер адатта аз, өзгөчө кызыл камчы коомдо өтө эле аз болот. Буга , биринчиден, эрдик, жалпак тил менен айтканда, “жүрөк” керек.

Экинчиден, кээ бир адамдар аянтка чыгып айтчусун айтайын дейт, бирок, аны бирөө-жарым угуп, абал оңолуп, өзгөрүп кетээрине көзү жетпейт.

Үчүнчүдөн, жакынкы тарых үч ирет далилдегендей – элдин жата берип, жата берип, акыры “жарылып”, бир жолу эле чыгынып, бийликти оодарып койгон кой маарек мүнөзү бар.

Кеп кезеги “Тандем” юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаевада:

“Ар бир жарандын, ар бир адамдын өз укуктарын коргоп, же мамлекеттин тигил же бул ишти аткаруусун талап кылып, тынч чогулуштарды өткөрүү укугу бар. Бул Конституцияда каралган кепилдик, болгону ал жерде айрым өзгөчө жерлерде гана жыйын, акция өткөрүүгө болбойт деп чек коюлган. Алардын катарында мамлекеттик мекемелер, өзгөчө корулган токойлор болбосо, негизинен жарандар каалаган жеринде жыйындарды эркин өткөрө алат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы тынч чогулуштарды өткөрүүнү жана ага катышууну кепилдейт. Тынч чогулуштарды өткөрүү максатында ар бир жаран мамлекеттик органдарга билдирүү жөнөтө алат, анын уюштуруучулары жана катышуучулары эч бир жоопкерчиликке тартылбашы керек. Конституциянын 39-беренесине ылайык ар бир адам тынч чогулуш эркиндигине ээ, ошол эле учурда эч ким башка бирөөнү тынч чогулушка катышууга мажбурлай албайт”.

Кыргызстандын жакынкы тарыхында он миңдеген адамдар айлап-жылдап тынбай Ала-Тоо аянтында түнөп-конуп нааразычылыгын билдирген учурлар болгон.

2006-2007-жылдары Март окуяларынан кийин мамлекет башына келген Курманбек Бакиевдин калктын кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү, адилет реформаларга барышын, ал үчүн эл бийлигин орното турган варианттагы Конституцияны кабыл алуу зарылдыгын айткан оппозиция өкүлдөрү кылкылдаган жарандар менен акцияларды өткөрүп турган. Конституциялык реформалар үчүн күрөштү 2006-жылы апрелде түзүлгөн “Реформалар үчүн” кыймылы жүргүзгөн.

Анын курамына А. Атамбаев, Ө. Текебаев, Т. Сариев, К. Байболов, Ө. Абдрахманов, Болот Шер, Ө. Бабанов, Т. Кулмурзаев, Т. Абдраимов, К. Карабеков жана башкалар кирген. Кыймылдын эң ири биринчи митинги 29-апрелде, андан кийинкиси 27-майда өткөн. Конституциялык реформаны талап кылган андай митингдер ошол жылдын жаз-күз айларында кызып, ал кийинки 2007-жылы жыл бою улантылган.

Жыл башында кызматтан кеткен Феликс Кулов оппозицияга келип кошулуп, “Элдик фронт” аталган кыймыл түзүлүп, андан кийинки мөөнөтсүз митингдер 11-апрелден тартып башталган. Муну аягы ошол жылдын күзүндө оппозиция сунуштаган Конституцияны парламенттин кабыл алуусу менен аяктаган.

Сөз кайрадан саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевде:

“Эсимде, ал митингдер конституциялык реформаларды талап кылган. Ал убакта митингдердин, тынч жыйындардын масштабы да башкача эле, борбордук аянтта эл кылкылдап, батпай турчу. Алар Курманбек Бакиевди конституциялык реформа жүргүзүүгө аргасыз кылган. Бирок, бир жагдай – бийлик тынч митингдер менен жыйындар революцияга алып келет, ал революциялардын детонатору деген жалган чочулоо болуп, аларга чек коюлуп келатат. Ошол себептен аныкталган гана жерлерде митинг, пикет өтсүн деп, мисалы, Горький атындагы парк же шаардын башка бир окчун жерлери аныкталып жүрөт. Иш жүзүндө 30 жылдык тарых көргөздү – ага карабай адамдар өз сөзүн айтчу учурда айтып, реалдуулук башкача болуп келатат”.

Бирок бир айдан кийин Курманбек Бакиев "парламентти таратам" деп коркутуп, өзү каалаган варианттагы Баш мыйзамды кабыл алуу менен бул окуя аяктаган. Анын соңу барып келип 2010-жылдын Апрель окуяларына алып келген эле.

Бул мисалдан көрүнүп тургандай нааразычылык акциялары, пикет, митинг болбош үчүн мамлекеттик органдар сааттай чыкылдап иштеген системаны жолго коюп, жарандардын жашоо-турмушун оңдоп, социалдык бул суроо-талаптарынан тышкары ар кандай укуктарын, анын ичинде маанилүү делген сөз эркиндиги, жыйындар эркиндиги, шайлоо, шайлануу эркиндиги сыяктуу бир катар саясий шарттарын да канааттандыруу зарыл.

Кеп учугун юрист Таттыбүбү Эргешбаева андан ары улантты:

“Тынчтык акцияларын ар бир адам өткөрүүгө, ар бир адам пикетке чыгууга укуктуу. Биз бул тенденцияны негатив менен карап, негатив менен кабыл албашыбыз керек. Эгер адам чыгып өз укугун коргоп, пикирин айтса ал жакшы көрүнүш, бийлик өкүлдөрү коюлган ал маселенин үстүнөн иштеши керек. Ошондуктан бул ар бир жаранга берилген фундаменталдуу укук, Конституция берген кепилдик. Бул укукка каршы бийлик өз күчүн көргөзө берсе, терс жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн. Бирок азыр эмнени көрүп жатабыз ошол эле Ала-Тоо аянтына жарандардын бир бөлүгү чыкса алар камалат, башка бир адамдар чыкса милиция аларды кармабайт”.

Бул маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөн тартып район, облус, министрлик, комитеттер, элчилик, консулдуктар, сот системасы, парламент, прокуратура – деги койчу, айтор баардык мамлекеттик институттар толугу менен элге багытталган жумуш жүргүзүшү шарт. Ал үчүн коррупция жоюлуп, адилеттүү салык саясаты ишке ашып, жумушсуздук жокко чыгып, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогорулап, экспорт импорттон ашып, сапаттуу товар чыгаруу артып, үй-бүлө институту менен катар жеке адамдын бактылуу жашоосу чыңдалып, мамлекет инсанды баалаган шарт-жагдай жаралганы милдет. Мына ошондой шартта адамдар өзү менен өзү болгон, президент, министри кимдиги менен иши жок, саясаттан алыс, бир мемиреген, мелмилдеген заман орномогу бар.

Юрист, эксперт Таттыбүбү Эргешбаева жарандардын нааразычылыгынын көбү мамлекеттик органдардын, өзгөчө укук коргоо органдары менен сот системасынын ишинин чабалдыгынан чыгат деген ойдо:

“Биз баардыгыбыз мыйзам үстөмдүгүн күчөткүбүз келет. Бирок мыйзам үстөмдүгүнүн, адилеттиктин акыркы кепилдиги, акыркы инстанциясы - сот системасы. Эгерде өлкөдө сот системасы таза иштебесе, алар бийлик башына келгендерге саясий көз каранды болсо, эгемендиги, өз алдынчалуулугу жок болсо анда өлкөдө адилеттүүлүк болбойт. Жарандар анда мамлекетке, сот системасына ишенбей калат. Ошол себептен бүгүн иштеп жаткан супер президенттик башкаруу системасынын концепциясы бийликтин башка бутактарын, анын ичинен сот системасын басмырлап келатат, тактап айтканда, соттор кеңешинин мүчөлөрү, сот жетекчилиги толугу менен президенттик администрация тарабынан дайындалып, ошолордун көзөмөлү менен иштеп келатышат. Бул терс көрүнүш. Ушунун негизинде айта турган нерсе - бийлик канчалык сапаттуу иштейт? Бул чоң суроо”.

Соңку жагдай

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандардын Ала-Тоо аянтындагы акциясынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Эгерде ошол 5-6-октябрда жарандар өз үйлөрүндө жата берсе, каза тапкан Үмүт сыяктуу жигиттер башын сайып, таза шайлоого болгон укуктарын коргоого белсенбесе Садыр Жапаровдун абактан чыгаары, Кыргызстандагы акыркы окуялардын орун алары албетте күмөн болчу.

Элдик толкундоолор аркылуу бийликке келгендер дагы митинг, пикеттерди Бишкектин айрым жерлеринде өткөрүүгө 2022-жылдын март айында тыюу салды. Адвокат Бактыбек Жумашев Биринчи май райондук сотунун ал чечими Конституцияга каршы келе турганын айтып, шаардык сотко кайрылган. Бирок шаардык сот райондук кесиптештерин колдоого алды. Эми адвокат Жогорку сотко үмүт артууда.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева муну менен жарандардын фундаменталдык укуктары тебеленип жатканын айтып, “чектөөлөр көрсө бир топ үчүн гана киргизилген экен, ал соттун чечиминин негизинде болуп жатат” деп билдирди.

Улам узартылып келаткан бул чечимге ылайык Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик гүлбагында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Жогорку Кеңеш, президенттин кеңсесинин алдында, ага жакын Панфилов паркында жарандар өз позициясын билдире албайт. Украинадагы согуш башталгандан кийин Орусиянын Бишкектеги элчилигин алдында да адамдар плакат алып чыгып, пикирин ачык айта албайт. Мындай жерлердин катарында Жогорку сот, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараттары да бар. Азырынча бийликке нааразычылыгын билдирүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.

Human Rights Watch эл аралык уюму өзүнүн жылдык баяндамасында нааразычылык акцияларын бийликтин антип бир ченелип-бычылган гана жерлерде өткөрүү чечимин сынга алган. Бул Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун конвенцияларынын алдында алган милдеттерине ачык каршы чыгары айтпаса да белгилүү.

Кыргызстан жакынкы тарыхта мындай окуяларды буга чейин дагы баштан кечирген. Курманбек Бакиев президент болуп турганда жарандарга Горький паркын дагы ыраа көрбөй, Ак үйдөн 10 чакырымдай алыстагы “Ак кула” ат майданында нааразылык өткөрчү аянт катары аныктап берген эле.

Демократиянын белгилери, негиздери жана шарттары

  1. Бийлик булагы – эл (шайлоо жана шайлануу укугу);
  2. Адам укуктары (сөз эркиндиги, жарандык коом, экономикалык-социалдык укуктар);
  3. Бийлик буктарынын тең салмактуулугу (күчтүү парламент; көз карандысыз сот; (институттар: Конституциялык сот, Акыйкатчы институту));
  4. Бийликтин отчёттуулугу (мамлекеттик чиновниктердин, о.э. бюджеттин ачыктыгы);
  5. Коррупцияга каршы текши күрөш;
  6. Элдин билим деңгээлинин жогорулугу;
  7. Мыйзам үстөмдүгү;
  8. Саясий плюрализм (оппозициянын тоскоолдуксуз ишмердиги);
  9. Көпчүлүктүн башкаруусу, азчылыктык пикири;
  10. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу.
  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG