Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Окуучуларды митингге чыгарган чырдын чоо-жайы


Абдылда Каниметов атындагы №1 гимназия-интернаты.
Абдылда Каниметов атындагы №1 гимназия-интернаты.

Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын алдындагы окуучулар катышкан митинг социалдык тармактарда кайчы пикирлерди жаратууда. Айрымдары буга мектеп жетекчилеринин тиреши себеп болуп жатканын айтса, айрымдары окуучуларды митингге аралаштыргандарды айыптады.

"Милициялар балдарга кол көтөрдү"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-апрелде билим берүү тармагындагы айрым маселелерге байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Бишкектеги №1 интернат-гимназиядагы талаш-талкуу жараткан окуяларды сынга алды.

"Акылбек Жапаров мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбесин белгиледи. Жыйындын соңунда бир катар тапшырмаларды берди", - деп айтылат кабарда.

17-апрелде эртең менен гимназиянын алдында орун алган митингде окуучулар колуна плакаттарды көтөрүп, мектеп директору Нургүл Матканованын кызматтан алынышына каршылыгын билдирип чыгышкан.

Бул митингге айрым ата-энелер да катышкан. Алардын айтымында, көпчүлүгү чогулуш болот деп эле угуп келген. Бирок бул күн бир топ ызы-чуу менен коштолгон митингге айланып кеткен.

Мектеп короосуна жоон топ милиция кызматкерлери келип, айрым ата-энелерди күч менен тараткан. Назгүл Садабаеванын уулу да бул мектепте окуйт.

“Бүгүн биздин балдар “өзүбүздүн мугалим, тарбиячылар жумуштан кетпесин” деп митингге чыкса, милициялар уруп-сабаптыр. Бул менин балам. Ал эми бул бала аны менен бирге окуйт. Бул баланы чек арадагы жаңжалдан кийин Садыр Жапаров Баткенден алып келип, жоопкерчилигин моюнга алып окуткан. Аяш апасын милициялар жулкулдатып жыкканда жерден тургузайын десе, бир кызматкер баланы бетке чааптыр. Мына жаагында колдун изи турат. Укук коргоо органдары ата-энелерди да көзгө илишпеди. Үч ата-энени машинага салып алып кетишти. Биз митинг кылайын деп келген эмеспиз. Бизге мектепте чогулуш болот деп эле чакырышкан. Анан балдарыбызга кантип чырылдабайбыз?”.

Назгүл Садабаева жаагы кызарган баланы көрсөтүүдө.
Назгүл Садабаева жаагы кызарган баланы көрсөтүүдө.

Жумуштан алынган гимназия-интернатынын директору Нургүл Матканова кызматка өткөн жылдын сентябрь айында киришкен. Мектеп окуучулары менен алардын ата-энелери директор жакшы иштегенин айтышты. Алар буга чейин 25 миң сомдук окуу акысын 10 миң сомго чейин түшүргөнүн мисал келтирүүдө.

“Маткановадан мурда гимназияны Байматов деген директор 35 жыл жетектептир. Анын учурунда 25 миң сом контракт төлөчүбүз. Быйыл Матканова келип окуу акысын 10 миң сомго түшүргөндөн кийин ызы-чуу башталды. Бул мамлекеттик окуу жай болгондуктан, жатаканасы да бар. Тамак-ашка 10 миң сом гана кетчү экен. Калган 15 миң сомду Байматов кайда жумшаган? Ашканада иштегендер мурдагы жетекчинин тарапташтары. Матканова ашканага камера койдургандан кийин ага жалган жалаа жаап, “окуучулар чириген картошка жеп жатат” деп арызданышыптыр. Менин балам эки жылдан бери окуйт. Тамак-ашын көргөм. Жадагалса кээ бир ата-энелер үйдөн деле мындай жакшы тамак-аш бере албайбыз”, - деди Назгүл Садабаева.

Назгүл Садабаева айткан гимназиянын мурдагы директору Нуркалый Байматов жана аны жактады делген жамааттагы мугалимдер менен кызматкерлерден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. "Азаттык" алардын пикирине да орун берүүгө даяр экенин эске салабыз.

"Ак иштеген мугалимдерди сактап калалы дедик"

Маалыматка караганда Маткановага каршы арызды андан мурдагы директордун тарапташы болгон алты-жети мугалим жазганы айтылууда.

Митингге чыккан 9-класстын окуучусу Албина Токтобекованын айтымында, аларды кимдир бирөө үгүттөгөн эмес, куугунтук көрүп жаткан күнөөсүз мугалимдер үчүн чыгышкан.

"Азыр мектепке келген комиссия мүчөлөрү бизди митингге мугалимдердин көрсөтмөсү менен чыктыңар деп жатат. Жок, биз окуучулар өз эркибиз менен чыктык. Бул жерге келип окуучулардын эмоциясын жакындан көргөндөр билет. Көбү ыйлап жатат. Анткени эки директордун чатагынан улам, ортодогу таза, ак иштеген мугалимдер садага чабылууда. Жалпы жамаатты таратабыз деп жатканынан улам, биз мугалимдерибизди кетирбей алып калалы деп чыктык. Экзаменге да бир ай эле убакыт калды. Булар иштен кетип калса, аз убакытта биз башка мугалимдерге кантип адаптация болобуз?”.

"Эки интернат биригет"

Ал арада Бишкек шаардык мэриясы бул митинг тууралуу билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына караганда буга чейин мектептин эмгек жамаатынан, Бишкек шаардык прокуратурасынан жана шаардык кеңештин депутаттарынан кайрылуу түшүп, анын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнү айтылат.

Комиссия мектептин ишин текшерген учурда одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

“Шаардык интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында №1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатка кошуп, "Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси" аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынган”, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Гимназия-интернаттын мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга Бишкектеги башка мектептерден жумуш сунушталып жатат.

Мэрия аталган мектептин мурдагы директору Нургүл Матканова Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча бир нече жолу одоно тартип бузганы үчүн кызматтан алынганын, ал документтерди өткөрүп бербей, жаңы дайындалган жетекчинин ишине тоскоол болгонун да кошумчалаган.

Ал эми гимназия-интернатынын мугалимдери окуу мекемесин Бишкектеги 71-мектеп-интернаты менен бириктирүүгө нааразы.

Окуу иштери боюнча №1 гимназия-интернатынын директорунун орун басары Элмира Кенжеева буларды билдирди:

Элмира Кенжеева.
Элмира Кенжеева.

“Билим берүү башкармалыгы келип, мектептин жамаатын толук таратабыз дешти. 14чү числодо администрацияга арыз жаздырышты. Алардын айтуусу менен “Мени жумуштан өз каалоом менен бошотуп коюңуз” деп жаздык. Бирок арыздын баш жагында директордун ысымы жок бош болчу. Мэрия башка мектептерге орноштуруп коёбуз деп жатат. Биз көп жылдан бери мектеп системасында иштеп жаткандыктан жакшы билебиз, азыр ушул учурда эч кандай мектепте вакансия жок. Биз барган күндө деле өтө аз саат берилиши мүмкүн. Ошондуктан биз Билим берүү башкармалыгына талап коюп, окуу жылын бүтүрөлү, окуучуларыбызды жакшылап каникулга узаталы, кийинки жылы да болбой эле кеткиле десеңер өз эркибиз менен кетип, каалаган жумушубузду таап алалы дедик. Бирок биздин үнүбүздү жогорку жактагыларга жеткирбей, бир тараптуу иштеп жатат”.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин башкы адиси Чынара Исакова эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын түшүндүрдү:

Чынара Исакова.
Чынара Исакова.

“Бул мектеп статусу мыкты, күчтүү гимназиялардын бири эле. Мыкты жамаат эмгектенчү. Соңку жети жыл ичинде артка кетти. Анан статусун көтөрүү максатында 71-мектеп-интернатына кошолу деп жатабыз. Анткени экөөндө тең эле окуган балдар аз экен. Экөөндө тең аз камсыз болгон, жетим балдар да окуйт. Максатыбыз - балдардын билим алуусун жакшыртуу”.

Буга чейин Абдылда Каниметов атындагы №1 мектеп-интернаттын мугалимдери президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдогону маалым болгон.

Билим берүү министрлиги жеринде адистер иштеп жатканын, кийин маалымат берилерин айтты. Ошол эле учурда ведомство балдарды митингге чыгаруу мыйзамсыз экенин, маселе министрдин жеке көзөмөлүндө турганын билдирди.


Абдылда Каниметов атындагы №1 гимназия-интернаты 1956-жылы негизделип, 1992-жылы гимназия статусуна ээ болгон. Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Учурда мында республиканын бардык аймагынан келген 381 окуучу билим алат. Алардын ичинде мигранттардын балдары, Баткендеги соңку жылдардагы куралдуу кагылышта жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү балдары жана жетим балдар окуйт.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG