Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Бишкекте окуучу түз эфирде мугалимди мазактаган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө


Бишкек. №91 мектеп. Сүрөт Интернеттеги ачык булактардан алынды.
Бишкек. №91 мектеп. Сүрөт Интернеттеги ачык булактардан алынды.

Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91 гимназия мектебинде окуучу түз эфирде мугалимди мазактаган окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. 7-мартта мектепке билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев барып, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары менен жолугуп кеткени маалым болду.

Мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Назира Акматова балдар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, окуучу сабак учурунда эмне үчүн телефон алып жүргөнү териштирилип жатканын, себеби ички буйрукка ылайык андайга уруксат жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

Видео TikTok социалдык түйүнүнө 6-мартта түз эфирде чыккан. Анда 10-класстын окуучусу кыргыз тил мугалимин ыплас сөздөр менен мазактап жатканын, бир бала бут кийими менен партанын үстүнө чыгып отуруп алганын көрүүгө болот. Окуучулар бири бирине каймана ат коюп, класста ары-бери басып жүргөнү көрүнөт.

Мугалимди мазактаган окуялар буга чейин да болгон. Айыптууларды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, административдик камак жана айыппул түрүндөгү жаза чаралары каралган. Кийин долбоор кайра иштелип чыгып, баштапкы вариантынан кыйла жумшартылган түрдөгүсү быйыл Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында кабыл алынган. Анда айыппул тууралуу сунуш алынып, ата-энелерге оозеки же жазуу түрүндө эскертүү берүү деген гана норма жазылган. (KS)

XS
SM
MD
LG