Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Равшан Жээнбеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулду


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад ишине байланышуу айып коюлган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков ооруканадан кайра №1 тергөө абагына которулду. Анын адвокаты Замир Жоошев которуу 3-мартта эле болгонун "Азаттыкка" билдирди жана Жээнбековдун учурдагы саламаттыгы тууралуу кийинчерек маалымат бере турганын айтты.

Саясатчы Бишкектеги жеке менчик ооруканаларын бирине бөйрөгүн дарылатуу үчүн 14-февралда жаткырылган.

Анын алдында Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, саламаттыгына байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүгө жардамдашууга чакырган.

Боор оорусуна чалдыкканын билдирген саясатчы Жаза аткаруу кызматы ага Молдовановка айылындагы №31 колонияга которулуп дарыланууну сунуш кылганын айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирген жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук катары сыпаттап жатышат.

XS
SM
MD
LG