Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

CNN: Бахмутта Орусия Украинага караганда беш эсе көп аскерин жоготту


Бахмут шаары, 2023-жыл, февраль.
Бахмут шаары, 2023-жыл, февраль.

НАТОнун чалгынчыларынын эсебинде, Орусия Украинанын Бахмут шаарындагы салгылашта Украинага караганда беш эсе көп жоокер жоготту. Бул тууралуу CNN аталган альянстагы ишенимдүү булактарына шилтеме кылып билдирди. Буга чейин Москва оор жоготууларга учурап жатканын Кошмо Штаттарынын Согушту изилдөө институту (ISW) менен украин аскер жетекчилери маалымдаган.

Украинанын жердеги аскерлеринин башчысы, генерал-полковник Александр Сырский 6-мартта Бахмут үчүн айыгышкан кармаш уланып, Кремль жаңы "вагнерчилерди" алып келип жатканын билдирген. Ал анын алдында шаар менен анын айланасын коргоп жаткан украин күчтөрүн кыдырган.

Дүйшөмбүдө, 6-мартта украин президент Владимир Зеленский башкы командачынын штабынын кезектеги жыйынын өткөрүп, Бахмуттагы коргонуу турумдарын дагы да бекемдөөнү талкуулады.

Киев акыркы айларда кармаштын чордонуна айланган Бахмут багытына тандалма аскер күчтөрүн коюп, фронтту бекемдеп жатат. Орус тарап калаа курчоого алынганын айткан, бирок ал бышыкталган жок.

ISW орус аскерлери Бахмут шаарынын айрым райондорунда алдыга жылганы менен украин армиясын чегинүүгө мажбур кыла албаганын билдирген. Украин тарап шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнга алууда.

Согушка чейин 70 миңдей калкы бар Бахмутта ушул тапта төрт миңдей жайкын тургун калганы маалымдалды. Алар жертөлөлөрдө жашынып жатат жана көп учурда суусуз, жарыксыз күн кечирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG