Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Киев орус аскерлерин украин туткунун өлтүрүүгө айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Киев орус аскерлери куралсыз украин туткунун өлтүрдү делген видеого байланыштуу иликтеп-териштирүү баштады. 6-мартта украиналык жана орусиялык бир катар Телеграм-каналдарда токойдо аскер кийимчен турган, "Украинага даңк" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаган адам тартылган тасманы таратышкан. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок чыгаргандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба бул окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылды.

"Прокурор Карим Хан бул тирукмуш аскердик кылмышты тез арада иликтей баштаганы өтө маанилүү. Күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Бул согуш украин элин тукум курут кылууну көздөп жатканынын дагы бир далили", - деди Кулеба.

Үрөй учурган окуяны Украинанын президенти Владимир Зеленский да айыптап, адам өлтүргөндөрдү табууга убада берди. Өлкөнүн Коопсуздук кызматы "согуш мыйзамын жана эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогону маалымдалды.

Кремль дооматтарга комментарий бере элек.

Украинадагы согушта эки тараптан тең туткундарды атты деген учурлары буга чейин дагы катталып, Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөгөн. Адатта Украина мындай фактыларга байланыштуу териштирүү жүргүзүүнү убада кылат, Орусия комментарий бербей келет.

XS
SM
MD
LG