Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Президент Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акимин кызматтан алууну тапшырды


Жер маселеси боюнча өткөн жумушчу кеңешме. 6-март, 2023-жыл.
Жер маселеси боюнча өткөн жумушчу кеңешме. 6-март, 2023-жыл.

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Мындай чечим 6-марттагы кеңешмеде кабыл алынганын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент мындан тышкары Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароо тапшырмасын берди.

Былтыр апрель айында сөз болуп жаткан мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, адамдар мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 “кызыл китеп” берилген.

“Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү тапшырмасы берилген. Бирок жыл жыйынтыгы менен президент Садыр Жапаров бул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Президент башка аймактарда да, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер мунапысынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

5-мартта Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-бөлүм кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган.

6-мартта “Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-пункттун алып салынышына каршы экенин билдиришти. Алар муну менен жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардын жерлери мыйзамдаштырылып кетерин билдиришти.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG