Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Иранда кыздардын ууланышын чагылдырган журналист кармалды


Иранда белгисиз дартка кабылган кыздар.
Иранда белгисиз дартка кабылган кыздар.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи акыркы төрт айда жүздөгөн окуучу кыздарды каптаган оорунун толкунун “кечирилгис кылмыш” деп атап, ага жооптууларды “катуу жазага тартууга” убада берди. Бул тууралуу ал 6-мартта сүйлөгөнүн Reuters агенттиги кабарлады. Бирок Хаменеи кайрылуусунда "уулануу" деген сөздү колдонгон жок.

Кыздардагы ооруга байланыштуу коомчулуктун нааразычылыгы күчөп жатканда аны жигердүү чагылдырган журналист Али Пуртабатабаи Кум шаарында түшүнүксүз жагдайда кармалды. Анын себеби айтылган жок.

Кыздардагы белгисиз оору алгач былтыр ноябрда катталган. Кум калаасындагы 18 окуучу кыз жүрөгү айланганын, башы ооруп, жөтөл кармап, дем алуусу кыйындаганын, колу-буттарын сезбей калганын айтып, ооруканага жеткирилген.

Ушул дем алышта Ирандын кеминде 17 провинциясында, бери дегенде 52 мектепте кыздар ооруга чалдыкканы кабарланды.

Марттын башында Ирандагы Адам укуктары борборунун аткаруучу директору (CHRI) кыздар атайлап ууландырылганын маалымдап, өкмөт буга бир нече айдан бери көңүл бурбай келатканын айыптаган.

Бир апта мурун Ислам жумуриятынын президенти Ибрахим Раиси кыздардын мектептеринде катталган оорунун толкунун иликтөө буйругун берген.

Көптөгөн ирандыктар бийликти илдеттин себебин табуу жана жаңы учурлардын алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн күнөөлөп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG