6-мартта Нарын облусунун Дөбөлүү айылында Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулу) бошотулушун талап кылган нааразылык акция өттү. Андан тартылган видео Шаменовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Пикетке чыккандар Илгиз Шаменов ишкер катары адамдарды жумуш менен камсыз кылып келгенин, эч кандай күнөөсү жок эле беш айдан бери абакта жатканын айтып, тергөө акыйкат жүрүшүн, активистти үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке былтыр 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилгенден кийин камалган.
Активист “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарбасы менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн.
6-мартта кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылган.
2022-жылы 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.
Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)