Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы Биринчи май райондук сотунда каралат


ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасын сотко берди.
ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасын сотко берди.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” басылмасына каршы доо арызы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралмай болду. ЭлТРдин юристи Азизбек Ибрагимов “ПолитКлиника” порталынын кеңсеси Биринчи май районунда жайгашкандыктан буга чейин Бишкектин Свердлов райондук сотуна берилген арыз Биринчи май райондук сотуна которулганын айтты.

“Политклиника” медиасынын жетекчиси Дилбар Алимова ЭлТР каналынын арызы туура эмес толтурулганы үчүн арызы артка кайтарылганын билдирди.

“ЭлТР Свердлов райондук сотуна арыз бергенде мамлекеттик алымды бөлүп-бөлүп төлөө өтүнүчүн келтириптир. Менин оюмча алар сотко мүлктүк талаш катары арыз беришкен. Сот болсо “Бул мүлккө байланышы жок талаш. Мамлекеттик алымды төлөп (ред: 700 сом), арызга тиркеп кайра алып келүүгө укугуңар бар деп жооп берип артка кайтарып атат. ЭлТР кайра эмне үчүн Биринчи май райондук сотуна арыз берди билген жокмун”.

ЭлТР “ПолитКлиника” медиасынын “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканалал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Канал сөз болуп жаткан материалды Интернеттен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген. Соттук териштирүү качан башталары белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG