Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Чүйдө наристени кордогон кишинин соту башка күнгө калды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Сокулукта эки жаштагы наристенин сабалышына байланыштуу Чүй облустук сотунда бүгүн 6-мартка белгиленген отурум болгон жок. Соттук териштирүүгө мониторинг жүргүзүп жаткан “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, бүгүн облустук сот өкүмүн жарыяламак, бирок судья эмгек өргүүсүндө экени айтылып, отурум башка күнгө калды.

Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, балага кордук көрсөткөн деген шек менен 34 жаштагы адам кармалган. 7-февралда Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган. Кийин наристени чоң энеси багып жатканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG