Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Митинг өткөрүүгө тыюу салынган аянттар тизмеси толукталды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бишкекте митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган аянттардын тизмеси дагы узарды. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова 6-мартта билдиргендей, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 31-мартка чейин тынч жыйын өткөрүүгө болбой турган жерлердин тизмеси тогузга жетти. Бул чечим декабрь айында кабыл алынганы маалым болду.

Алар – Биринчи Май районунун аймагындагы президенттик администрациянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегереги, Ала-Тоо аянты, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки тилкеси, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбак жана Иван Панфилов атындагы парк.

Ошентип, тизме эми жогоруда аталган парк менен толукталды. Ал президенттик администрация, өкмөт жана парламент жайгашкан жерге жакын тилкеде орун алган.

Жогоруда аталган жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. 31-мартка чейин деген чечимди райондук сот 10-январда мыйзамдуу деп тапкан.

Мындан тышкары Ленин районунун айрым жерлери боюнча да тыюу салынган. Район акимчилигинин 16-январдан 1-апрелге чейин тынч жыйындарды чектөө тууралуу чечимин райондук сот мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын аталган соттун басма сөз кызматы 16-январда билдирген.

Мындай чектөө Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге тийиштүү экени маалымдалган.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага чогулса болот.

Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин белгилеп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG