Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Шольц: Батыш өлкөлөрү Украинага каржылык жана курал-жарактан колдоосун улантат


Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

Германиянын канцлери Олаф Шольц CNN телеканалына курган маегинде, Батыш өлкөлөрү Украинаны каржылык жактан да, курал менен да колдоону улантарын айтты. Ал Орусия да, Украина да фронтто азырынча көзгө көрүнөрлүк жылыш жасай электигин кошумчалады.

“Орусия Украинанын күчүн мындай деп күткөн эмес... Ошондой эле Европанын, АКШнын жана Украинанын бардык досторунун биримдигин, Украинага курал-жарак жеткирүүнү так эсептей алган эмес”, - деди Шольц.

Ал Украина тарап тынчтыкка даяр экенин, бирок адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин аскерлерин чыгарып кетиши керектигин жана бул согушта жеңишке жете албай турганын түшүнүшү зарыл экенин билдирди.

Былтыр 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Москва “атайын операция” деп атаган согушта өтө оор жана чоң жоготууларга учурап, ушул тапта Украинанын аймагынын бештен бир бөлүгүнө чукул жерин ээлеп турат.

Эки тараптан тең он миңдеген жоокер жок болуп, кол салгандар Украинанын шаар-кыштактарын талкалап салды. Украинада миңдеген карапайып эл набыт болуп, миллиондогон киши чет мамлекеттерден убактылуу башпаанек алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG