Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Бишкекте келинди уурдоого шек саналган адам кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада адам уурдоого шек саналып, бир киши кармалганын билдирди. Милиция маалыматына караганда, 4-мартта Бишкек шаарынын тургуну Калыс-Ордо жаңы конушунан белгисиз адамдар жубайын автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин айтып арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен иш козголуп, 22 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG