Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди


5-март, 2023-жыл.
5-март, 2023-жыл.

5-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү салтанаттуу белгиленди.

Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, майрам жалпысынан 500дөн ашык кишинин катышуусунда өттү.

Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий иш- чаранын расмий бөлүгү Улуттук тарых музейинин алдында уланды.

Ал жерде кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси да өтүп, анда калпактын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган. Иш-чараны аталган министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте уюштурган.

Президент Садыр Жапаров карата куттуктоо жолдоду. Анда бул дата өлкө үчүн маанилүү, өзгөчө экенин белгиледи.

"Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн! Ата-бабаларыбыздын бизге – урпактарга калтырган материалдык эмес маданий табериги улуттук маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү, улуттук аң-сезимдин негизи болуп, муундардын жана доорлордун руханий байланышын бекемдөөдө жана өлкөбүздүн маданий саясатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу. Ал улуттун өзгөчөлүгүнүн таасын көрсөткүчү катары өткөндүн маданий жана руханий мурастарын сактоого жардам берет",- деп жазылган куттуктоодо.

Садыр Жапаров ошондой эле бул датага байланыштуу кол өнөрчүлөргө ыраазычылык билдирген. Анда "алардын колунан чыккан салттуу кийимдерибиз улуттун улуулугун дүйнө жүзүнө таанытып, тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыздын даңазаланышына, өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт" деп белгиленген.


Ак калпак күнү өлкөдө 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.

Кыргыз калпагы тилик калпак, айры калпак, сайма калпак, туюк калпак болуп бир нече түргө бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG