Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Мурдагы энергетика министри Ильяс Давыдов көз жумду


Ильяс Давыдов.
Ильяс Давыдов.

Энергетика министрлиги 4-мартта 82 жаш курагында эмгек сиңирген энергетик, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси Ильяс Давыдов каза болгонун билдирди. Аны менен коштошуу зыйнаты 5-мартта аталган министрликтин алдында өтүп жатат.

Давыдов 1963-жылы Томск политехникалык институтун "электр тармактары жана системалары" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1963 жылы "Киргизглавэнерго" мекемесинде баштаган жана бул тармакта бир катар жетекчилик кызматтарда турган.

2001-жылы ал "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" мекемесинин башкы директорунун орун басары болуп дайындалган. 2008-жылы өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри, ал эми 2009-жылы энергетика министри кызматтарында турган.

Давыдов 2010-2012-жылдары ошол кездеги энергетика министринин кеңешчиси болгон. Соңку жылдары ардагер энергетиктер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG