Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Садыр Жапаровдун Таластагы өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды


Нурлан Дарданов.
Нурлан Дарданов.

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Нурлан Дардановду дайындады. Ага чейин бул орунда турган Бактыбек Нарбеков "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде жумуштан бошотулду.

Дардановду 4-мартта жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Дарданов "Азаттыкка" Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен аталаш тууган экенин ырастады. Бул кызматка тааныш-билиштик менен келди деген сөздөрдү жокко чыгарды.

Ал Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында туулган, 48 жашта. Дарданов 1996-жылы Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

1993-2020-жылдары Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында жана Башкы прокуратурада жетекчилик кызматтарда иштеген. Соңку эки жылдан бери Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп турган.

Бактыбек Нарбеков президенттин Таластагы өкүлү болуп 2021-жылдын март айынан бери иштеп келген. (MKt)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG