Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза маселеси жөнүндө түшүндүрмө берди


Бишкек-Торугарт жолу. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Торугарт жолу. Архивдик сүрөт.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жүк ташыган кыргыз айдоочуларынын виза маселеси тууралуу комментарий берди. Анда 2018-жылдын июль айынан тартып визалык анкеталарды толтуруу, кезекке туруу онлайн жүргүзүлө баштаганы, арыз бергендердин баары ушул системадан өтүшү керектигин белгиленген.

"Пандемиядан кийин Кытайдын визасын алууну күткөн кыргыз жарандарынын санынын көптүгүн эске алып элчилик 9-январдан тартып үзгүлтүксүз консулдук кабыл алууну жандантты жана кошумча кызматкерлерди бөлүп берди. Ошондой эле кабыл алуу күндөрүн жана жазылуу ордун көбөйттү. Жыл башынан берки эки айдын ичинде эле элчилик 1200дөн ашык виза берди, анын ичинде миңден ашыгы айдоочулар. Бул 2019-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 50%ке көп. Муну менен Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк ташуунун көлөмүнүн көбөйүшүнө шарт түзүлдү. Элчилик эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышты чыңдоого мындан кийин дагы бардык аракетин көрө берет",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында, 1-мартта Жогорку Кеңеште депутат Алишер Козуев 1,5 айдан бери виза алуу кезегин күтүп турган айдоочулар бар экенин, 1500 доллар берсе визаны үч күндө алса болорун айтып, өкмөттү бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырган. Тышкы иштер министрлиги кытай элчилигине визага байланыштуу электрондук кезекке тургандар үчүн көбүрөөк орун берүүнү өтүнүп жатканын билдирген.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайган. Чек арадан өтүүчү жүк машинелердин саны 10 эсе кыскарган.

Бишкек Бээжинден чек арадагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бажыканаларынан жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүнү өтүнүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG