Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Байден менен Шольц Украинаны колдоону күчөтүүнү сүйлөштү


Жо Байден менен Олаф Шольц
Жо Байден менен Олаф Шольц

Вашингтондо Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден жума күнү, 3-мартта Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукту. Voice of America сайтынын билдиришинче, анда тараптар көзмө-көз, жабык кездешти жана Украинанын колдоодо эки өлкө эриш-аркак бара жатканын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Киевди колдоону күчөтүү болду. Ак үй анда кандайдыр бир чечим кабыл алынып-алынбаганын азырынча маалымдай элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салуусуна туруштук берүү үчүн Батыш өлкөлөрүнөн курал-жарактан каралашууну өтүнүп келет.

Мунун алдында, 3-мартта таңга маал укрин армиясы Бахмутта катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлаган. Донецк чөлкөмүндөгү бул стратегиялык калаада бир канча жумадан бери кармаш курчуп турат. Киев акыркы суткада шаарда орусиялык күчтөрдүн чабуулдардынын бир нечесинин мизи кайтарылганын билдирген.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары курчоого алынганын билдиргени менен Киев Бахмут курчоого алынганын бышыктаган эмес.

Согушка чейин Бахмутта 70 миң адам жашаган.

XS
SM
MD
LG