Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Садыр Жапаров айрым акимдерди иштен алып, кээ бирине сөгүш берди


Жаңы мыйзамдарга ылайык, президент облустагы өкүлдөрдү, мэрлерди жана акимдерди дайындайт жана иштен алат. 
Жаңы мыйзамдарга ылайык, президент облустагы өкүлдөрдү, мэрлерди жана акимдерди дайындайт жана иштен алат. 

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым башчыларын - акимдерди иштен алып, кээ бирине сөгүш, эскертүү берди. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, мындай чечим иши начар деп бааланган жетекчилерге байланыштуу кабыл алынды.

"Мындай чечим социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнөн, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигинен улам төмөн баа алган, жер амнистиясын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын корутундусунун, ошондой эле акимдердин, мэрлердин 2022-жылдагы иштери жөнүндө отчетторун негизинде кабыл алынды",-деп жазылган маалыматта.

Президенттин чечимине ылайык, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев менен Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркулов кызматтан бошотулду.

Ошондой эле Бакытбек Абдугулов Аламүдүн районунун акиминин орун басары, Данияр Сатаров Түп районунун акиминин орун басары, Зина Баялиева Талас районунун акиминин орун басары, Гүлжамал Султангазиева Тогуз-Торо районунун орун басары кызматынан алынды.

Төмөнкү кызмат адамдарына сөгүш берилди:

Алайбек Жумаев, Кемин районунун акими;
Келсинбек Бектемиров, Таш-Көмүр шаарынын мэри;
Урматбек Самаев, Токмок шаарынын мэри;

Эскертүү алгандар:

Сейтек Кулубаев, Араван районунун акими;
Турусбек Ногоев, Кара-Суу районунун акими;
Мураталы Тагаев, Жети-Өгүз районунун акими;
Досмамбет Жээнбеков, Манас районунун акими;

Жаңы мыйзамдарга ылайык, президент облустагы өкүлдөрдү, мэрлерди жана акимдерди дайындайт жана иштен алат.

XS
SM
MD
LG