Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Орусия: Коргоо министрлиги Шойгу согуш болгон аймакка барганын билдирди


Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу согуш жүрүп жаткан аймакка барып, Түштүк-Донецк багытындагы "Чыгыш" деп аталган аскер бөлүктөн кабар алды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Анда Шойгу аскер бөлүктүн командири, генерал-лейтенант Рустан Мурадов баштаган жетекчилердин баяндамасын укканы, эрдик көрсөткөн жоокерлерге сыйлыктарды ыйгарганы жазылган.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Министрликтин Телеграм-каналына жарыяланган видеодон учакты, имараттар, үйлөр талкалаган конуштун жанындагы аскер башчыларынын жыйынын көрүүгө болот. Анда видео качан, кайсы жерде тартылганы такталган эмес.

Министрлик Шойгу январь айында дагы "Чыгыш" аскер бөлүгүнө барганын билдирген. Андан бир ай мурда коргоо министри Орусия басып алган Украинанын аймагындагы аскерлерден кабар алганы тууралуу маалымат чыккан. Шойгу кайсы аймакта болгону анда дагы такталган эмес, бирок айрым активисттер министр фронттон 80 чакырым алыстактагы жерде болгонун айтып чыгышкан.

Мунун алдында украин армиясы Бахмутта катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлаган. Донецк чөлкөмүндөгү бул стратегиялык калаада бир канча жумадан бери кармаш курч жүрүүдө. Киев акыркы суткада шаарда орусиялык күчтөрдүн чабуулдардынын бир нечесинин мизи кайтарылганын билдирген.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Бахмут шаары курчоого алынганын билдиргени менен Киев ал маалыматты бышыктаган эмес.

Согушка чейин Бахмутта 70 миң адам жашаган.

XS
SM
MD
LG