Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова ооруканадан үйүнө чыкты


Перизат Суранова.
Перизат Суранова.

Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып жаткан жарандык активист Перизат Суранова операция болуп ооруканадан үйүнө чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Жанышбек Бараков билдирди.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Перизат Суранова саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Ден соолугу начарлаганына байланыштуу 10-февралда ооруканага жаткырылган саясатчы Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдан дарылангандан кийин кайра тергөө абагына которулган. Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков жана Клара Сооронкулова ооруканада. Алар да дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG