Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

АКШ кыргыз жарандарына виза алууга кеткен убакытты азайтты


АКШ менен Кыргызстандын туулары.
АКШ менен Кыргызстандын туулары.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу элчи 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолукканда айткан.

28-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында “Борбор Азия+АКШ” жыйынынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушкан.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери да талкууланган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Министр Кулубаев буга чейин жаңы келишимде талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бардыгын, Вашингтон болсо документке кол коюуга даярдыгын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG