Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Быйыл эмне эгиш керек? Айыл чарбадагы багыттар өзгөрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Элдик экономика” түрмөгүндө жазгы талаа иштери жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна назар салабыз.

Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Айыл чарба министрлиги сугат жерлердин аянтын кеңейтип, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөрүн билдирди. Расмий маалыматка ылайык, быйыл дан эгиндери 667,7 миң гектар аянтка эгилет. Бул былтыркыга караганда 19 миң гектарга көп.

2022-жылы өлкө боюнча жалпы 1 млн. 229 миң гектар жер айдалган. Быйыл андан төрт миң гектарга көп айдалары айтылды. Бул үчүн өкмөт сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө да каражат салууда. Ирригация тутумун жакшыртууга 1 млрд. сом бөлүндү дейт Айыл чарба министрлигинин Суу-чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев.

“Сугат жерлердин аянтын кеңейтүү боюнча иштер жүрүүдө. Суу барбай, иштетилбей калган жерлер бар. Ошолорду кайра иштетели деген пландарыбыз бар. Буюрса, быйыл 15 миң гектардан ашуун жерлерди киргизебиз. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө суу жетип, бирок расмий түрдө жайыт же кайрак жер деген аянттар дагы бар. Ошолордун негизи канчасы сугарылып жатканын инвентаризациялап атабыз. Быйыл бир эле райондон сугарылып, бирок эсепке кирбеген миң гектардан көбүрөөк жерди аныктадык. Негизи бүт жерлерди эсепке алабыз. Мурда “мынча миллион куб суу берчүбүз” деп эсепке алчубуз. Азыр ар бир гектарын каттоого алганы жатабыз. Анан кээ бир жерлер “сугат жер” деп жүрөт, бирок жүгүртүүдөн чыгып кеткен – аны иш жүзүндөгүдөй эсепке алабыз. 1 млн. 28 миң гектар деп жөн эле эсепте жүрөт. Балким, анын 100 миң гектары жакшы сугарылбайт. Сугарылып атабы же жокпу, ошонун баарын эсепке алып атабыз. Ошондой эле эсепте кайрак жер деп жүрөт, бирок сугарылып аткан жерлер дагы бар. Ошонун баарын 2-3 жылда инвентаризация кылып, эсепке алышыбыз керек”.

Кыргызстанда жалпысынан 1 млн. 28 миң гектар сугат жер бар. Өткөн жылы 951 млн. сомго 900 чакырымдан ашык каналдар оңдолуп, эскилиги жеткен 115 насостук станциянын 56 агрегаты менен түтүктөрү алмаштырылган, 7600 курулмалардын 700дөн ашыгы оңдолгон.

Алмазбек Сокеев билдиргендей, буга чейин республикадагы 22 миң чакырым болгон ички каналдар менен арыктарды суу пайдалануучулар бирикмелери тейлеп келген. Бирок жергиликтүү бирикмелер аларды оңдоп-тазалай албай калгандыктан, сапаты начарлап кеткен. Ошондуктан, ички каналдарды кайра мамлекеттин балансына алууда.

"Статистикага дал келбеген түшүм"

2022-жылы Айыл чарба министрлиги Орусиядан дан эгиндеринин асылдуулугу жогору болгон үрөндөрүн сатып келген. Мекеме ал үрөндөрдү алып эккен дыйкандардын эгин-тигининин түшүмдүүлүгү бир кыйла өскөнүн билдирип келет.

Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрүнө ылайык, былтыр 1,9 млн. тоннага жакын эгин бастырылган, бул 2021-жылдагы түшүмгө караганда 40% көп деп эсептелет. Мындай көрсөткүч буудай менен арпанын түшүмдүүлүгүнүн 70% жана 80% жогорулашынан улам болгону айтылды.

2022-жылы Чүй облусунда буудайдын түшүмдүүлүгү 2,4 эсеге, арпанын түшүмдүүлүгү 2,8 эсеге, ал эми жүгөрүнүкү 2,5 эсеге чейин өскөн. Жалал-Абад менен Ош облустарында да жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү эки эсеге жакын жогорулаган. Жашылча-жемиштин түшүмдүүлүгү Чүй талааларында 4 эседен ашса, Жалал-Абадда 3 эседен ашкан жана Ош облусунда 86% өскөн. Картошка жыйноо Ысык-Көлдө 4,5 эсеге көбөйүп, Ош облусунда эки эседен ашкан.

Кант кызылчасын, пахтаны, май өсүмдүктөрүн, тамекини, жүгөрүнү, жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди дүң жыйноо да көбөйгөн.

Ошол эле маалда, 2022-жылы 2 миң 507 гектар эгин аянты чыгымга учураган, анын 583 гектары буудай, 1924 гектары арпа эгилген аянт болгон. Министрликте алардын өнбөй калышына ашкере аптап, мөндүр, сел жана тоңголок себеп болгонун белгилейт.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев айыл чарба өндүрүмдөрү боюнча расмий статистика чыныгы жагдайды бурмалап көрсөтөрүн айтып жатат. Ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чындап камсыздоо үчүн түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү ачык-айкын болушу зарыл деген пикирде.

“Азык-түлүк коопсуздугу тобуна кирген 9 өндүрүм бар. Анын ичинен эң маанилүүлөрүнүн бири – дан азыктары. Ошол эле учурда биз көптөн бери козголбой келген, жалган дүйнөдө жашагандай болуп жатабыз. Анткени көп учурда Улуттук статистика комитети менен Айыл чарба министрлиги тарабынан берилген маалыматтын негизинде бизде жылда 600 миң тоннага жакын түшүм берилгени көрсөтүлөт. Бирок бизде иш жүзүндө 600 миң тонна чыкпайт. Берилген маалымат дагы көп учурда жалган маалымат болуп калып жатат. Ал үчүн геомаалыматтык тутумдар деп коёт, ошолорду сөзсүз киргизиш керек. Ошонун негизинде биз канча гектарга эмне эгилгени тууралуу реалдуу маалыматты алсак болот. Жалпы айыл чарбабыз базар экономикасынын принциптерине өткөнү менен айыл чарба тармагын башкаруу болсо эски, пландуу система менен калып калыптыр. Мисалы, Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы бар. Алар иш жүзүндө дыйкандардан буудайды сатып алып жаткан тарап. Алардын айтымында, Кыргызстанда 200 миң тоннадан ашык буудай өндүрүлбөйт. Мен бул маселени ошол жерде иштеп жаткан кезде көтөрдүм эле, ошондон кийинки жылы эле жалпы түшүмдүн кескин түрдө 300 миңге түшүрүлгөнүн көрсөтүшкөн болчу. Көрсө, 80-жылдары колхоз-совхоздор катуу иштеп жүргөндө – селекция катуу иштеп турганда, дизелдик отун, жер семирткичтер, техникалар жана сугат менен көйгөй жок кезде – тарыхта эч качан 600 миң тонналык көрсөткүчкө жеткен эмес экен. Азыр 600 миң тоннадан ашык деп көрсөткөнү жалган. Анткени илгери арпа менен буудайды көп эксе, азыр мурункудай көп отургузбайт. Азыр дыйкандар жүгөрүгө, бедеге жана башка эгиндерге өтүп кетишкен. Талааларды көбүнчө башка максаттарга колдонушат”.

Токтогазиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн маалыматты дагы объективдүү көрсөтүү зарыл экенин белгилейт. Ал дүйнөнү каатчылык каптап, эл аралык жаңжалдардын арасында жашап жаткан маалда Кыргызстан санкцияларга кирип калчу болсо, көбүртүлгөн маалыматтар азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат деп эсептейт.

Дыйканчылыктын багыттары өзгөрдү

Тилек Токтогазиевдин учурда дыйканчылыктын багыттары мурункудан кескин өзгөрүп кеткендиги тууралуу айткандарын жер иштеткен дыйкан менен суу-чарба мекемеси да ырастап жатат.

Баткен районундагы Кыштут айылынын тургуну Ташмат соңку жылдары баткендиктер тамеки эгүүгө өзгөчө маани берип калышканын айтат.

“Жаз келди мына. Эл тириликти баштап, кышы бою эмне эгерин пландап, мүмкүнчүлүгүнө жараша аракет кылып баштады. Баткен жергесине негизинен эң эле пайда келтире турган дыйканчылык тамеки болуп калды. Ар бир үй-бүлөдө тамеки эгүү ниеттери бар. Азыр алдын-ала кайрак жерлерди эгүү башталды, сугат жерлер баштала элек. Азырынча даяр турушат, жерди айдоо мезгили келип калды. Жер семирткич боюнча көйгөй болуп жатат, бүгүнкү күндөгү базар баасы 2700 сомдон болууда, бүгүн ошончодон алышты. Күйүүчү май дагы кымбат, 76-77 сомдон. Жер айдоо кымбаттап кетсе, түшүм өзүн акташы кыйыныраак болот”.

Лейлектин тургуну Шайирбек Орозалиев жыл сайын пияз эгип дыйканчылык кылат. Учурда айдоо жерди даярдап жатышканын айтып берди.

“Азыр канал-арыктарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Анткени бизде каналга 10-марттан кийин суу берилет. Азыр каналдын баш жагы кеңейтилип, оңдолуп жатат. Жерлерди тракторлор айдап-даярдап атышат. Биз пиязды, буудай-арпаны негизинен күздө эгебиз. Бизде негизинен дарбыз, помидор, сабиз эгилет. Алгач эрте эгиле тургандардан жүгөрү, помидор эгилет. Жер семирткичтер али келе элек. Бир ай мурда айыл-чарба министри келип “10-20 күндө келет” деп айтып кеткен, бирок дагы деле келе элек. Жетишсиз болуп жатат, кымбат. Жеке ишкерлер алып келип атышат, аларды дагы Кольцодогу посттон өткөрбөй кыйнап атышыптыр”.

Айыл-чарба министрлигинин Суу-чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев соңку жылдары Кыргызстанда техникалык эгиндерди эгүү көбөйүп бараткандыктан, суу жеткирүү маселеси курчуп баратканын белгилейт.

“Союз кезинде сугат жерлердин жарымынан көбү эгин болчу да. Бүгүнкү күндө эгин ашып кетсе 200 миң гектардын тегерегинде болот. Калган жердин бардыгы техникалык эгиндерге өтүп кеткен. Быйыл, мисалы, кызылча көп болот, 14 миң гектарга чыгабыз, үрөндөрүн алмаштырып, түшүмдүүлүгү да көбөйөт. 2022-жылы 9 миң гектар болчу, азыр 50% көбөйүп атат. Бул бир чети жакшы, кумшекер менен өзүбүздү-өзүбүз камсыздап алабыз. Бизде болсо (сугатта – ред.) бир аз маселе жаралат. Жылына жүгөрү абдан көбөйүп жатат, быйыл да көп болот. Пахта дагы көбөйүп жатат. Техникалык эгиндер көбөйгөн сайын алар сууну көп талап кылат. Ошону эсепке алып, жок дегенде бактарды тамчылатма сугарууга өткөрүүнү суранып атабыз”.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда сүт азыктары, мөмө-жемиштер жана жашылча менен камсыздоонун деңгээли мурунку жылга караганда бир кыйла төмөнүрөөк болду. Ошентсе да, картошка, сүт азыктары, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү керектөөдөн ашыкча өндүрүлөт. Ал эми өсүмдүк майы, мөмө-жемиштер, жумуртка, кумшекер, нан жана эт азыктары менен өзүн-өзүн жарым-жартылай эле камсыздайт.

Айыл-чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков бул жылы дыйкандарга кандай эгиндерди эгүү сунушталып жатканын айтып берди.

“Быйыл кант кызылчасын эгүү, дан эгиндерин, күн карама жана пахтаны себүү сунушталып жатат. Анткени, бизде кайра иштетүүчү ишканалар кайра жанданып, кластердик ыкма менен үрөндөрдү алып, сээп жатышат. Жер-жерлерде ушундай эгиндерди эгүү боюнча иш алып барып жатабыз. Мындан тышкары, эт багытын өнүктүрүү үчүн сүт-эт багытындагы асылдуулугу жогору малдарды алып келүү дагы сунушталууда. Экспортко сүт, эт азыктары, жашылча, бакча өсүмдүктөрү жана картошка көп кетет. Коңшу мамлекеттерге эле эмес, Европа, Араб өлкөлөрүнө дагы экспорттоого келишимдер түзүлүп жатат. Өсүмдүк майын экспорттоого дагы аракеттер болуп жатат. Анткени бизде чийки затты Орусиядан, Беларустан алып келип, бул жакта кайра иштетип, даяр өндүрүм кылып чыгара турган ишканалар бар. Чийки заттарды эле экспорттой бербей, бул жакта кайра иштетүүчү ишканаларды жандандырып, алардын саны менен сапатын көбөйтүп, даяр өндүрүмдөрдү чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат”.

Этектен тарткан эски түшүнүк

Тилек Токтогазиев базар экономикасында дыйканчылыкка болгон мамилени эски түшүнүктөн арылтып, жаңы нукта кароо зарыл экендигин айтат.

“Дыйкандарга эмне керек? Дыйкандарга технологиялар, технологияларды каржылагандай банктык инструменттер жана ошону түшүнгөн кадрлар керек. Мамлекет ушул шарттарды эле түзүп берсе айыл чарба тармагы өнүккөнгө жакшы жол ачылат. Менин байкашымча, биздин айыл чарба тармагына көбүнчө эски, советтик көз караш менен карагандыктан, кудум илгерки колхоз-совхоздор бар кезиндей мамиле кыла беришет. Биз базар экономикасына өткөндүктөн, бул жакта дыйкандар эмнени отургузары, эмнени өстүрөрү тууралуу өздөрү чечим кабыл алышат. Бул жерде айыл чарбасы азык-түлүктү камсыздоо фактору катары эмес, экономикалык өнүгүү фактору катары каралышы керек. Анткени, эгерде дыйкандар өздөрүнүн жеринен максималдуу кирешени алгандай шарт түзүлсө, анда, албетте, айыл чарба өндүрүмдөрү өзүбүздө кенен болот”.

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштеринде дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо үчүн 42 миң тоннадан ашуун дизелдик отун жана бензин керектелерин билдирет. Маалыматка ылайык, учурда мунай базаларында жана бекеттерде 25 миң тонна дизелдик отун менен 20 миң тонна бензин бар. Дизелдик отун дыйкандарга жергиликтүү айыл өкмөтүнүн маалымкаты аркылуу 65 сомдон сатылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG