Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда азык-түлүк кору жетиштүү экенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудай, ун, өсүмдүк майы жана кумшекердин кору жетиштүү экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы, бүгүн 27-декабрда кабарлады.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деген Төрөбаев. Ал өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбай турганын, матрезервде майдын кору жетиштүү экенин кошумчалаган. Маалыматта май чыгаруучу заводдор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана аларда күн караманын запасы жетиштүү экени айтылат.

Өкмөт кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбай турганын, быйылкы жылга карата "Кошой" жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлгөнүн билдирген.

Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнү аяктап жатканы себеп болгону белгиленген. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.

Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салган. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилген.

Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн экспортуна убактылуу чектөө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.

Быйыл алгачкы сегиз айдын ичинде Кыргызстанда кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG