Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мал уурдагандарды он жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине жана Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев.

Эл өкүлү 2017-2021-жылдагы редакцияларында "Мал уурдоо" беренеси жок экенин, бул кылмыштын ушул түрүнүн өсүшүнө алып келип жатканын белгилеген.

Сунушталган мыйзам долбоорунда мал уурулукка баргандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерин жүргүзүү каралган.

Мал уурулук ири өлчөмдө жана адамдардын тобу тарабынан, башка бирөөнүн аймагына кирүү менен жасалса, 200-400 миң сомго чейин айып салып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндиктен ажыратуу сунушталууда.

Бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышса, анда мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматында 2022-жылдын үч айында 802 баш мал-жандык уурдалып, анын 437си ээсине кайтарылган.

Министрликтин билдиришинче, бул боюнча 318 факт катталган. Жалпы материалдык чыгым 25 миллион 260 миң сомду түзүп, анын 13 млн. 265 миңи өндүрүлгөн.

Милиция мал уурулук айылда актуалдуу көйгөй бойдон калып жатканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG