Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Шаардык сот Сооронкулова менен Суранованы абакта калтырды


Клара Сооронкулова менен жарандык активист Перизат Суранова сот залында. (коллаж)
Клара Сооронкулова менен жарандык активист Перизат Суранова сот залында. (коллаж)

Бишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын кароону улантууда.

Шаардык сот Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова менен жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасын карап, мурдагы чечимдерди өзгөртүүсүз калтырды.

"Бөгөт чарасы боюнча жарым-жартылай же толугу менен үй камагына чыгаруу деген бар. Сутка бою үйдон чыкпайт. Социалдык тармактарды колдонууга, телефон менен сүйлошүүгө тыюу салынат. Аялзаты, үйгө чыгарып коюңуздар. Азыр негизсиз айыпталып жатат. Эгер үй камагын бузса, кайра эртеси камап койсун. Эмнеге тергөө органы биринчи кармап туруп анан экспертизага жөнөтүп жатат. Бул мага дагы эле түшүнүксүз", - деди Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков.

Сот жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Ушундан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, Суранованы колдоп келгендер аны бошотууну талып кылышты.

Саясатчы Жеңиш Молдакматовдун да бөгөт чарасы ушул күнү каралып, ал да камакта калды. Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды. Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева да камакта калды.

Дүйшөмбү күнү сот тогуз кишинин арызын карап, баары тең абакта калтырылган. Алар: Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова. Кечээги отурумда абактагылардын шарты тууралуу маселе көтөрүлүп, аларга психологиялык басым болуп жатканы айтылган.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Камалгандардын көбү 13-декабрдан бери каршылык көрсөтүп ачкачылык кармап жатат, алардын саны 14. Үч киши ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатат.

Ички иштер министрлиги камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

"Кабар" агенттигине курган маегинде Садыр Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG