Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

COVID-19: Кытайда карантин чаралары жумшарды, ооругандар азая элек


Кытай бийлиги 8-январдан тартып өлкөгө киргендер үчүн милдеттүү карантин алып салынарын жарыялады.

Кытайда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны кескин өсүүдө. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ооруканалар бейтаптарга толду. Каза болгон учурлар көптүгүнөн жакынын акыркы сапарга узатуу үчүн крематорийлерге кезекке тургандар арбын.

Кытайда COVID-19га кабылгандардын саны декабрда кескин өскөн. Бир суткада (20-декабрга карата) коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден аныкталган. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазган.

Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес.

Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңилдеткенине байланыштырган.

Bloomberg басылмасынын маалыматынан кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин өлкөдө коронавирус инфекциясы боюнча абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен Кытайдын бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган. Кытай бийлиги ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG