Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Кыргызстан жакырчылыктан чыгууда Кытай тажрыйбасын колдонобу?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, өз алдынча киреше булагы менен камсыздалат. Кыргыз өкмөтү былтыр 2800 үй-бүлөгө колдонулган тажрыйба натыйжалуу болгонун билдирүүдө. Ал эми ишкерлер менен эксперттер алгач жарандардын финансылык сабаттуулугун жакшыртпаса, каражат максатсыз коромжу болорун айтууда.

"Жөлөк пул же жүз миң​ сом​"

Бишкек шаарынын тургуну Алмаз 2022-жылы мамлекет жарыялаган "Социалдык келишим" программасынан 100 миң сом кайтарымсыз каражат алып, чакан ишкердик менен алектенип баштаган.

"Мурда өкмөттөн жөлөк пул алып жүрдүм. Анан соцкызматтан "100 миң аласың, бирок жөлөк пул албай каласыңар" деп сунушташты. Макул болуп, жашылча-жемиш сатып, соода кылам дедим. 100 миңди дароо бир алып алсаң, соодага жүгүрткөнгө жакшы экен. Ал сага кайтарымсыз берилет, ошону менен ишкердик кылып кетишиң керек. Бизнес план түзөсүң, "мындай жаз, тигиндей жаз" деп өздөрү үйрөтөт. 100 миңди алгандан кийин дагы үч ай жөлөк пул ала берет экенсиң. Үч айдан кийин токтойт. Андан кийин үч жылга чейин токтоп турат, кийин кайра улантсаң болот дешти. Эгерде жүгүртүүгө жетпесе, дагы 200 миң сом пайызсыз, күрөөсүз насыя берет. Банктан береби, иши кылып өздөрү берет. Банкта эсебиң ачылат, акчаң ошого которулат".

Сталбек Исаков былтыр күзүндө социалдык келишим боюнча каражатка автоунаа алып, такси кызматында иштеп жатканын, турмушу бир кыйла оңолуп калганын айтып берди.

“Аялым каза болуп калды, жашы жете элек эки балам бар. Өзүм иштебейм, каттоодо турам. Былтыр ошол буйрук чыккандан кийин, июлдан баштап чуркап жүрүп, 4-5 комиссиядан өтүп, 3-сентябрь күнү 100 миң сом акчаны которушкан. 5-сентябрь күнү өзүм да 50 миң сом кошуп, баштапкы төлөмү менен "Хонда Цивик" үлгүсүндөгү автоунаа сатып алгам. Такси кылып иштеп, калганын акырындан төгүп жатам. Машинаны 450 миң сомго баалаганбыз. Аябай эле жардам болуп, жашоого, тамак-ашка, баскан-турганга чыгып жатат".

"Социалдык келишим" долбоору мамлекеттик бюджеттен "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жаткан аз камсыз болгон жарандар менен түзүлөт. Долбоор алгачкы жолу 2021-жылдын декабрында БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен пилоттук түрдө ишке ашырылган. Анын алкагында Жумгал жана Кадамжай райондорунан элүүдөн аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, аларга өзүн-өзү иш менен камсыздоосуна көмөк көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинети 2022-жылдын 15-июлунда "Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" жобо бекитип, долбоорду дагы 2800 киши менен уланткан. 2022-жылы ал иштер үчүн бюджеттен 292 млн. сом бөлүнгөн.

Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2800 үй-бүлөнүн 58% айыл-чарбасы, 24% өндүрүш, 10% кызмат көрсөтүү жана 7% соода тармагында иш алып барган.

2022-жылы Бишкек шаарынан 350 жана калган ар бир райондон 50дөн үй-бүлө тандалып алынган. Быйыл болсо аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санына жараша квоталар райондорго пропорционалдуу түрдө бөлүнөт.

Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин Жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова социалдык келишимди алуунун жана колдонуунун шарттарын айтууда.

"Алар бул социалдык келишимди алгандан үч айдан кийин жөлөк пулу токтойт. Андан кийин үч жыл ичинде жөлөк пул алганга укугу жок. Анткени ал келишимдин алкагында өзүнүн чакан ишкердигин ачып, ошону улантып кетем деген каалоосу менен бизнес-план түзүп, каражат алууда. Ар бир райондо бекитилген комиссиялар бар, ошолор менен биргеликте биздин аймактык бөлүмдөр үч жыл ичинде ай сайын барып мониторинг кылып турат. Андан сырткары, аларды колдоо дагы каралган. Мисалы, 2022-жылы айрым жергиликтүү бийлик органдары дагы кошумча көмөк көрсөтүштү. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 100 миң сомдон тышкары дагы кээ бир райондордо мал алган үй-бүлөлөргө тоют алып берип колдоп жатты. Андан тышкары, ветеринарлар дагы келип, малын өз убагында эмдөө жагынан көмөк көрсөттү. Ошону дагы күчтөндүрүү боюнча иштеп жатабыз".

"Социалдык келишим" долбоорунан каражат берүү үчүн ар бир райондо комиссия түзүлөт. Каражат алуучуларды тандоодо негизги эки критерийге көңүл бурулат.

  • Аз камсыз болгон жакыр үй-бүлө катары социалдык паспорту болушу керек;
  • Эмгектенүү мүмкүнчүлүгү болушу зарыл (мисалы, тигүүчүлүк жөндөмү, мал караган тажрыйбасы, мал сарайы бар болушу кажет).

Ошондой эле тандалып алынган жарандарга бизнес-план түзүү, ишти уюштуруу, сатып алуу, финансылык пландоо боюнча кеп-кеңештер берилет.

"Ар эшикти түртүп кагуу жеп..."

Аз камсыз болгон дагы эки жарандын мисалын карап көрсөк, бирөөсү бюрократиялык түрткүлөөгө туш болсо, дагы бири бизнес-планы чийки болгондуктан, иши жакшы жүрүшпөй, ара жолдо токтоп калганын айтат.

Тамара Бадирова Ош облусунун Чоң-Алай районунан Бишкекке келип жашап жатканына 10 жылдан ашкан, беш баласын жалгыз бой чоңойтуп келет. Ал дагы 100 миң сом кайтарымсыз акчаны алууга аракет кылып, бирок каттоосуна байланыштуу ары-бери түрткүнчүк болгонун айтып берди.

"Чоң-Алайга атайын бардым. Эки кызымды жөл пулдан чыгарып, анан 100 миң сом алсам дедим. Азыр кыдырып байпак сатам да, ошону алып бир жерде отуруп эле сатсам, соода ишин кылсам кичине пайда болот беле деп ойлогом. Бирок ал жактан "болбойт, сен шаардан эле тапшыр" деп коюшту. Шаарга келсем, "каттооң жок экен" дешти. Ошону менен кой дедим, ар эшикти түртүп кагуу жеп эле жүрбөй, талаада иштейли деп балдарым менен иштеп кеттик".

Ал эми Мавлюда 100 миң сомду "Дордой" базарында соода кылуу үчүн алган. Ноябрдын башында жергиликтүү комиссиянын өкүлдөрү менен барып, иштей турган соода жайын көрүп, ижара акысын алдын ала үч айга 88 миң сом төлөп койгон. Бирок соодага салган каражатынын аздыгынан улам, товарынын көлөмү жана түрү аз болуп калды. Соодасы жакшы жүрбөй, 10 күн өткөндөн кийин ишин жапканга туура келген. Бирок ижарага төккөн каражатынын бир айлыгы кайтарылган жок.

"Жөлөк пулду токтотуп, бизнес менен бутка туруп кет деген максатта берди. Биз үч балага ай сайын жөлөк пул алабыз да. 100 миң берип, жөлөк пулду токтотот экен. Мен ижара акысы 40 миң экен деп айттым . Анан унчукпай калышты. Ошону менен болду, бошодум дедим".

Кытай тажрыйбасы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүү тажрыйбасы 2023-жылы да улантыларын жарыялады.

"Былтыр биз 2800 үй-бүлөгө бизнес баштап кеткенге 100 миң сомдон кайтарымсыз акча бөлүп бере алдык. Дээрлик көпчүлүгү, балким баары тең кыргыз өкмөтүнө ыраазы болуп атышат. Быйыл эми 10 миң кишиге 100 миң сомдон кайтарымсыз насыя беребиз".

Өкмөттүн мындай чечими "Социалдык келишим" долбооруна бюджеттен 1 млрд. сомдон ашуун каражат бөлүнөрүн билдирет. Учурда долбоордун документтерине айрым өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Жапаров жакырчылыкты жоюу боюнча мындай иш-аракеттерди жасоодо Кытайдын тажрыйбасынан үлгү алып жатканын айткан.

"Биз азыр ЕАЭБ менен КМШнын алкагында Кытайдын моделин колдонолу деп атабыз. Азыр 110 миңден ашык үй-бүлө жөлөк пул алып жатат, баарын даректери менен, сүрөткө тартып санариптештирип бүтүрдүк. Дагы 110 миңге жакын жетим-жесирлер, жалгыз жашаган кишилер жана пенсионерлер бар экен. Жалпы жонунан 220 миңге жакын үй-бүлөнү тактап бүтүрдүк. Мына ошолорго даректүү түрдө жардам беребиз, пайызы менен эмес, даректүү түрдө. Кытай бүткүл дүйнөлүк кедейчиликти ченеген ыкмадан баш тартып, 72 млн. үй-бүлөнү тактап чыккан. Ал эмне кылды? Ошол үй-бүлөнү оңдоп-түздөп, жылуулап берди, ичине муздаткыч, сыналгы, кир жуугуч машинасын камсыз кылды дагы ошол үй-бүлөдөн бир кишиге жумуш таап бергиле деди. Бир үй-бүлөдөн ким такай жумуш алса (өкмөттүн жумушу болобу же ишкерлер менен жумуш кылабы, айырмасы жок), туруктуу айлык алган үй-бүлө болсо, аны бечара (өтө жакыр) эмес, кедейлердин категориясына киргизди. Биз дагы азыр ошондой ыкманын үстүндө иштеп жатабыз".

"Финансылык сабаттуулук төмөн"

Мамлекеттин бул долбоору негизинен эки параллелдүү максатты көздөйт. Биринчиден, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктын сазынан чыгаруу болсо, экинчи жагынан бюджеттен бөлүнгөн каражат экономиканын жүгүртүүсүнө салынып, казынага каражат түшүргөн ишкерлерди пайда кылат.

Бишкек шаардык социалдык кызматынын башчысы Дина Анарбаева анын жагдайын мындайча түшүндүрөт.

"Биринчиден, аларды жакырчылыктан чыгаруу болот. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө биз шарт түзүп берип жатабыз. Жөлөк пулга эле карабастан, өздөрү да аракет кылып, иш менен камсыз болуп, балдарын бакканга шарт түзүлөт. Экинчиден, өзүнүн экономикалык абалын көтөрүп, ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүлүүдө".

Бирок жаңы пайда болгон ишкерлердин көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, салык төлөбөйт. Калгандары мыйзам алкагында чегерилген салыктын түрүн төлөөгө тийиш болот.

Кыргызстандагы "Нурлуу кайрымдуу кыздар" уюму жеңил өнөр жай жана соода тармагындагы элүүдөй ишкер аялдын башын бириктирет. Дүйнөнү COVID-19 пандемиясы каптагандан бери өлкөдөгү аз камсыз болгон адамдарга материалдык жана финансылык жардамдарды уюштуруп келет.

Уюмдун өкүлү, ишкер Инаят Ниматова элдин, өзгөчө аз камсыз болгон жарандардын финансылык сабаттуулугу өтө төмөн болгондуктан, мамлекеттин сарптаган каражаттары натыйжа береринен күмөн санайт.

"Биз Чүй облустук кароосуз калган балдардын жатак мектебине барып, 10 машина коюп, тигүү цехин толук уюштуруп бердик. Ал жактын жетекчилигине "балдар 24 саат сиздердин карамагыңыздарда, жогорку класстын кыздар-балдарын аракет кылып кызыктырып, тигүүчүлүккө үйрөтүңүздөр, мектепти аяктагандан кийин биз жумуш орун таап берели, жатаканасын да камсыз кылып беребиз" деп айттык. Бирок ал жактан бизге жооп болгон жок. Негизи Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандардын финансылык сабаттуулугу 10 баллдык шкала менен алсак, экиге барабар. Анын үстүнө алар көбүнчө даяр материалдык жардамга умтулушат дагы, эмгек кылып акча тапкан жумуш менен алектенүүгө ынтызар боло беришпейт. Мен муну өз тажрыйбама таянып айтып жатам, биз көп жолу даяр балык эмес, кайырмак бергенге аракет кылдык. Биздин жамааттагы ишкерлерде эле 5000 тигүүчүго жумуш орун бар, келгиле, иштеп акча тапкыла десек, ар нерсени шылтоо кылып келишпейт. Бүгүнкү күндө ошол министрликтин 100 миң сому кумга эле сиңип кетет. Документтерди тууралап коюшат. 99% кепилдик бере алам, кумга сиңип кетет".

Ишкер мамлекеттин берген кайтарымсыз каражаты максатсыз коромжу болбошу үчүн, социалдык келишимден каражат алган беш-алтоосунун башын бириктирип финансылык сабаттуу, ишкердик менен алектенген адамдардын жетекчилигине берүү зарыл деп эсептейт.

Улуттук статистика комитетинин расмий эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы жакырлардын саны 2 млн. 244 миң киши деп эсептелген. Бул сан Кыргызстандын калкынын 33,3% түзүп турган. Анын ичинен, 407 миң адам же калктын 6% өтө жакыр жашайт. Мындан тышкары, дагы 500 миңге чукул же 10% калк жакырчылык чегине жакын жашайт деп эсептелет.

Жакырчылыктын деңгээли боюнча 2022-жылдын маалыматы азырынча жарыялана элек. Эл аралык уюмдар соңку бир жылда Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 38% жетерин божомолдоп келишет.

XS
SM
MD
LG