Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

ЮНИСЕФ: согуштун айынан жакырчылыкта жашаган балдар көбөйдү


Лиман шаарынан эвакуация. Украина, 11-май 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Лиман шаарынан эвакуация. Украина, 11-май 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Орусия жок жерден кошуна өлкөсүнө ачкан согушка жана инфляциянын өсүшүнө байланыштуу Чыгыш Европа менен Борбор Азияда төрт миллиондой бала жакырчылыкка батты. Бул тууралуу ЮНИСЕФ 22 өлкөдөн алынган статистикага таянып билдирди.

Акыркы бир жылда, кедей жашаган жеткинчектер 19% көбөйдү. Отчеттогу маалыматка ылайык, Орусияга бул сандын төрттөн үч бөлүгү туура келет. Согуштун айынан ал өлкөдө жакыр жашаган бөбөктөрдүн саны 2,8 миллионго өстү.

БУУнун балдар фондунун эксперттери белгилегендей, “Украинадагы согуштун экономикалык залакасы өзгөчө балдарга тийүүдө.”

Украинанын өзүндө уруш тутангандан бери кедейчиликке баткан балдар жарым миллионго көбөйдү. Согуштун азабын 7 миллион украиналык бала тартып келатат. Мектептер, үйлөр, ооруканалар толугу менен же жарым-жартылай талкаланган, жүз миңдеген киши таза суусуз, электр жарыгысыз калды. Көптөгөн жеткчинчектер ата-энелеринен, жакындарынан ажырады. Алар күнүгө аткылоо, мина өңдүү коркунучтарга туш болуп келатат.

Эксперттер эптеп күн көрүп келаткан балдардын көбөйүшү билим алуу маселесине, татыктуу келечектен кол жууп калуусуна алып келерин эскертишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG