Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Астана бийлиги Назарбаев ачкан мечитти эстеликтер тизмесине киргизүүнү көздөйт


Экс-президент Нурсултан Назарбаев мечиттин ачылышында. Астана, 12-август, 2022-жыл
Экс-президент Нурсултан Назарбаев мечиттин ачылышында. Астана, 12-август, 2022-жыл

Астана шаарынын акимчилиги Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев быйыл августта ачкан мечитти жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине киргизүүүнү көздөп, тиешелүү долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Ошол эле токтомдун негизинде Нур-Султан деген аталыштын баары Астана деп өзгөртүлмөкчү.

12-августта казак башкалаасында Борбор Азиядагы эң ири деген мечитти экс-президент Назарбаев ачкан. Имараттын пайдубалын салууга да ал 2019-жылдын мартында, отставкасына бир күн калганда катышкан. Ошондо мечит «айрым жарандар менен инвесторлордун эсебинен» курулганын айткан.

Бирок канча акчага салынганы ачык айтылган эмес. Эл арасында ал каражатты башка максаттарга жумшаса болмок деген сын айтылып келген.

Быйыл жайда Казакстандын Конституциясына түзөтүүлөр киргизилип, Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу сөздөр алынып салды. 10 жылдан бери белгиленип келаткан Биринчи президенттин күнү да мамлекеттик майрамдардын катарынан алынды.

Башкалаанын аталышы да быйыл 17-сентябрда Нур-Султандан кайрадан мурдагы аталышына өзгөртүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG