Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Орусияда Немцовду эскерип маек берген пенсионер камалды


Немцовду эскерген иш-чаралардын биринде тартылган сүрөт.
Немцовду эскерген иш-чаралардын биринде тартылган сүрөт.

Орусиянын Хабаровск шаарында активист, пенсионер Зигмунд Худяков "коомдук иш-чара өткөрүү эрежесин бузду" деген айып менен 20 күнгө камакка алынды. Ал 27-февралда сегиз жыл мурун өлтүрүлгөн Борис Немцовду эскерип маек берген. Бул тууралуу Sibir.Realii сайтына адвокат Владимир Мазнев билдирди.

Худяков саясатчыны эскерүү иш-чарасында "милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбады" деп айыпталууда. Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо пенсионердин кармоого каршылык көрсөтпөгөнү көрүнүп турат.

Аны 20 суткага камоо чечимин 6-мартта Хабаровск шаарындагы райондук сот чыгарды. Адвокаттын айтымында, мындай жаза чегерүүгө Худяков журналисттерге берген интервьюда "президентти сындаганы" негиз болгон.

Оппозиция лидери Немцовду 8 жыл мурун, 2015-жылы 27-февралда Москванын чок ортосунда атып кетишкен. Владимир Путиндин режимине жана Украина менен согушка каршы чыккан саясатчыны эскерген иш-чаралар быйыл Орусиянын ар кайсы шаарларында өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG