Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Беларус соту Тихановскаяны 15 жылга сыртынан кести


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Минск шаарынын соту беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаяны сыртынан 15 жылга кести. Ага "бийликти кулатууну көздөгөн, экстремисттик топ түзүп, аны жетектеген, кастыкты козуткан жана улуттук коопсуздукка зыян келтирген" деген айыптар тагылды. Чечим 6-мартта чыгарылды.

Тихановскаядан тышкары дагы төрт оппозициячы - Павел Латушка, Мария Мороз, Вольга Ковалькова жана Сергей Дилевский да күнөөлүү деп табылды. Латушка 18 жылга, калган үчөө 12 жылга эркинен ажыратылды.

Укук коргоочулар тагылган айыптардын саясий жүйөсү бар экенин белгилешүүдө.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская жана анын санаалаштары куугунтуктан улам 2020-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG