Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Санкция тизмесине кирген кеме Босфор кысыгынан оор жүк менен өттү


АКШнын санкциясына илинген орусиялык компаниянын жүк ташуучу кемеси Сириядан Новороссийск портун көздөй баратып, жекшембиде Түркиянын көзөмөлүндөгү Босфор кысыгынан өттү. Бул тууралуу Naval News сайты жазды.

Маалыматка караганда, Украинада согуш башталгандан кийин Түркия Орусиянын аскер кемелерине Жер Ортолук жана Кара деңиздин ортосундагы кысыктар аркылуу жолду жапкан. Бирок бул чектөө жардамчы жана соода кемелерине тиешелүү эмес.

"Спарта-4" деп аталган кеме АКШнын санкциялык тизмесине кирген орусиялык "CK Юг" компаниясына таандык экени кабарланууда. Би-Би-Си белгилегендей, кеменин өзү да санкцияларга илинген.

Февраль айынын башында Түркия менен Сириядагы зилзаладан кийин бул кемеде Сириянын Тартус портуна гуманитардык жардам жеткирип, Орусияга кайткан.

Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө кемени орусиялык "Стерегущий" корвети коштоп жүрдү. Naval News маалыматына ылайык, оор жүк салынган кеме "караңгыда Босфор кысыгы аркылуу тез жана тынч өткөн". Тартуста Орусиянын аскер-деңиз базасы болгондуктан, аталган басылма бортто аскердик техника бар деп болжолдой.

Өткөн жайда Украина Сириядан Орусияга согушта колдонулуп жаткан С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин деңиз аркылуу жеткирүү мүмкүндүгүнө тынчсыздануу билдирген.

XS
SM
MD
LG