Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Акылбек Жапаров Кытайдын элчиси менен автобус сатып алуу маселесин талкуулады


Ду Дэвэн жана Акылбек Жапаров. 6-март, 2023-жыл.
Ду Дэвэн жана Акылбек Жапаров. 6-март, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөргөнүн билдирди. Талкууда Бишкекте аталган автобустарды кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу тууралуу да сөз болду.

Бишкек мэриясына газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынып, быйыл 1-февралда тапшырылган.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жакында өткөн басма сөз жыйынында жыл аягына чейин калаада коомдук транспорт көйгөйү толугу менен чечилет деген убада берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG