Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Орусия Запорожье, Херсон облустарына чабуул жасоого аракеттенип жатканы кабарланды


Херсон облусунан тартылган сүрөт. Архив.
Херсон облусунан тартылган сүрөт. Архив.

Украинанын Куралдуу күчтөрү орус армиясы Запорожье жана Херсон облустарына чабуул жасоого аракет кылып жатканын билдирди.

Башкы штабдын 6-марттагы маалыматында айтылгандай, орусиялыктар күндүз фронттун түштүк тарабындагы 40тан ашык калктуу конушту аткылашты.

Киев орус армиясы Украинанын Куралдуу күчтөрүн чаташтыруу үчүн маневр жасап, Нова Каховка менен Армянскиден аскерлерин жана техниканы ар кандай багытта жылдырып жатканын белгиледи.

Ал тапта чыгыштагы Бахмут калаасында айыгышкан салгылашуу уланууда. Дүйшөмбү күнү президент Владимир Зеленский башкы командачынын штабынын кезектеги жыйынын өткөрүп, Бахмуттагы коргонуу турумдарын дагы да бекемдөөнү талкуулады.

Киев акыркы айларда кармаштын чордонуна айланган Бахмут багытына тандалма аскер күчтөрүн коюп, фронтту бекемдеп жатат. Орус тарап калаа курчоого алынганын айткан, бирок ал бышыкталган жок.

XS
SM
MD
LG