Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Ташиев аскердик техника, курал алууга 1 млрд. доллар жумшалганын айтты


"Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси.
"Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан армиясын чыңдап, коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп жатканын айтты. Ал 6-мартта Жалал-Абад облусунда жүргөндө буга байланыштуу бир топ курал-жарак, аскердик техника сатып алынганын билдирди.

"Акыркы эки жылда мамлекет 1 миллиард доллар акчаны коргонуу мүмкүнчүлүгүнө жумшады. Бул биздин Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ болдук. Башкаларда жок курал-жаракка ээ болуп жатабыз. Дагы деле алып келип жатабыз. Эң негизгиси - биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз", - деди Ташиев.

Өткөн айда Кыргызстанга модернизацияланган "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алып келинген. Президенттин басма сөз кызматы техника Беларустан сатылып алынганы, Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнө берилерин билдирген. Анда өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай көчмө комплекс сатып алып жатканы, аны каалаган убакта каалаган жерде жайгаштырса болору белгиленген.

Кыргыз бийлиги коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр жыл аягында коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, ал эми 2022-жылы 52,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу "Аксунгур", "Акынжы", "Анка" аскердик техникасын, "Байрактар" учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

XS
SM
MD
LG