Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Орусиянын мунай жана газ кирешеси 2023-жылы дээрлик эки эсе кыскарды


Орусияда быйыл январь-февраль айларында мунай жана газдан түшкөн киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46% кыскарды. Өлкөнүн Каржы министрлиги муну Urals мунайынын арзандашына жана газ экспортунун кескин кыскарышына байланыштырууда.

Бул жагдайга Батыштын Москвага жарыялаган экономикалык санкциялары, Орусиянын “дос эмес” өлкөлөр менен кызматташууну каалабаганы жана “Түндүк агым” газ куурунун жабылышы себеп катары көрсөтүлгөн.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, орусиялык Urals мунайынын бир баррели азыр 38 доллардан төмөн.

Вице-премьер-министр Александр Новак март айында Орусия мунай өндүрүүнү суткасына 500 миң баррелге кыскарта турганын билдирген. Буга чейин орус бийлиги энергетикалык ресурстарга бааны чектеген өлкөлөргө сатпай турганын айткан.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башындагы бюджеттин кирешеси былтыркыдан 25% аз. Ошол эле учурда жылдын биринчи эки айында федералдык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 5 миллион 744 миллион рублди түздү, бул былтыркыдан 52% жогору.

"Коммерсант" басылмасы жазгандай, ички рыноктогу мунайчыларга берилчү субсидиялар кыскартылат. Мындан тышкары министрлик бюджетти ири ишканалардан чогултулчу бир жолку төгүмдөрдүн эсебинен толтурууга үмүт артууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG