Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:43

Кыргызстандагы фемицид тууралуу иликтөө кайталап жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай бүгүн 7-мартта “Сорос-Кыргызстан” фонду зордук-зомбулукка кабылган, өлтүрүлгөн аялдар боюнча эки жыл мурда жүргүзүлгөн иликтөөнү кайталап жарыялады.

“8-март эл аралык аялдар күнү мырзалар айымдарга куттук айткан майрам алдында көбүрөөк кыргызстандыктар иликтөөдө сөз болгон фемицид тууралуу кабар алсын деген максатта бул маалыматты жарыялап жатабыз. Жакында 17-февралда үч адам катары менен киши колдуу болгон окуя кайрадан өлкөбүздүн үрөйүн учурду. Бул кылмыш өзгөчө мыкаачылык менен гендердик жек көрүүнүн негизинде жасалган. Аталган окуя, тилекке каршы, өлкөбүздөгү бул сыяктуу жүздөгөн коркунучтуу окуялардын уландысы”, - деп айтылат фонддун маалыматында.

2020-жылы Kloop басылмасынын Кыргызстандагы фемицид (аялдарга зомбулук көрсөтүп, өлтүрүү) тууралуу иликтөөсү дүйнөлүк The Sigma Data Journalism Awards сыйлыгын алган. Иликтөөнүн авторлору 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун кыз-келин фемициддин курмандыгы болгонун, чынында бул көрсөткүч мындан да жогору экенин, алардын көбү күйөөсүнүн, тууганынын же жакын мамиледеги эркектин колунан каза болгонун иликтеп чыгышкан.

Иликтөөдө соңку 10 жылда Кыргызстанда 762 аял өлтүрүлгөнү, буга негизинен үй-бүлөдөгү зомбулук түрткү болгону, жыл сайын миңдеген кыргызстандык кыз-келин зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп жатканы аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG