Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Париждеги атактуу Нотр-Дам чиркөөсү 2024-жылдын аягында ачылат


Париждеги атактуу Нотр-Дам чиркөөсү 2024-жылдын аягында сыйынуу жана туристтер үчүн ачылат. Төрт жыл мурда өрт чалган имаратты оңдоп-түзөө иштери "жетиштүү ылдамдыкта жүрүп жатканы" 6-мартта жарыяланды.

7-мартта, чиркөөнүн кире беришиндеги жер астындагы мейкиндикте реконструкцияга, илимий-техникалык өнүгүүлөргө арналган көргөзмө ачылат.

850 жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу менен чатыры 2019-жылдын 15-апрелинде өрттөн улам урап түшкөн. Оңдоп-түздөө иштери былтыр башталган. Ага чейин конструкцияны бекемдөө, куруучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселеси талкууланды.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон 2024-жылы өлкө Олимпиада оюндарын өткөргөн кезде тарыхый чиркөөнү ачууга убада кылган.

Чиркөөнүн курулушу 12-кылымдын ортосунда башталып, 200 жылга жакын убакытта тургузулган. Өрт маалында урап калган кыл чокуну ХIX кылымдын ортосунда архитектор Эжен Виолле-ле-Дюк тургузган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG