Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

"Балдарыбызды кайда алып барабыз?". Аутист балдарды багуу түйшүгү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын "Брайн Ап" деп аталган нейрокоррекциялык борборунда сабалган баланын окуясы аутизмден жабыркаган балдарды окутуп-тарбиялоочу мекемелер көйгөйүн күн тартибине чыгарды. Бул реабилитациялык борбордо мурда да баланы сабоо фактысы катталып, милиция кылмыш ишин козгогон.

Мурдагы президент Бакиевдин үйүнө курулган "Келечек" реабилитациялык борборунан үмүт арткан ата-энелер талаптардын катаалдыгына нааразы.

2-апрель - Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү.

"Уулумдун колдору, бети-башы көгөрүп келчү"

"Брайн Ап" деп аталган нейрокоррекциялык борборунда сабалды деп айтылып жаткан 10 жаштагы Аман (аты өзгөртүлдү) аутизмден жабыркайт. Апасынын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Аман өзү сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын коррекциялык мекемелерге барган.

"Уулумдун сүйлөөсү кечиккенине байланыштуу үч жашынан тартып эле түрдүү адис дарыгерлердин көзөмөлүнө коюп, психолог, дефектолог, логопеддерге алып барып жүрдүк. Алты жашында аутизм деген диагноз коюшту. Мамлекеттик атайын мектепке киргизели десем, албайт экен. Биздин дарыгерибиз мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын билим берүү мекемелерине аныктоочу комиссиянын мүчөсү. Ал бизге балам сүйлөй албагандыктан, атайын көмөкчү мектепке да албасын, болгону мугалим жумасына бир саат үйгө барып, окутууга мүмкүн экенин айтты. Бирок мага балам өзүндөй башка балдардын арасында болуп, алар менен аралашып, жашоого ыңгайлашууну үйрөнгөнү керек. Ошондуктан, баламды аутизм менен жабыркаган балдар менен иштөөчү жеке менчик мекемелерге алып бара баштадым. Былтыр Бишкектеги "БрайнАп" деген жеке мектепке бердим. Алар баламды сүйлөтө алышпаса да, жок дегенде тамга, сандарды таанытып, жазганды үйрөтөбүз дешти. Сүйлөп кетпесе да, оюн жазып бизге түшүндүрө ала турган болсун деген тилек менен бердик. Башында жумасына үч жолу үч сааттан калтырып кетип жүрдүм. Жаңы окуу жылы башталганда саат 8ден 17ге чейин калтыра баштадым. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Эрте менен уулумду калтырып, кечинде алып кетип жүрдүк. Балам автоматтык түрдө эле тамгаларды алфавит түрүндө жазат, бирок тамгаларды тааный элек болчу, жазган тамгасын кайра сурасаң, тыбыш кылып айтып бере албайт".

Энеси "БрайнАп" борборунда жүргөн учурунда Амандын денесинин айрым жерлери көгөрүп, тактар пайда болгонун байкаганын айтты.

Мугалимден жабыркаганы айтылып жаткан баланын моюнундагы тактар. (сүрөт баланын энесинен алынды)
Мугалимден жабыркаганы айтылып жаткан баланын моюнундагы тактар. (сүрөт баланын энесинен алынды)

"Баламдын денеси көгөрүп келе баштады. Бир жолу билеги, бир жолу колтугунун алды, колунун ичи көгөрүп келди. Ошондо жолдошум мектептин жетекчилигине "баламдын колдору көгөрүп келип жатат, катуу кармабагыла" деп айтыптыр. Анан мага тарбиячысы чалып, "балдар бири-бирин чымчып коет, биз деле катуу кармабайбыз" деди. Мен да ага уулумду "кечке ургулап, чымчылай берсе, ал дагы бир күнү коргонуу рефлекси ойгонуп кетсе, тиги балдар оңбой калат. Агрессиясы бар, ошондуктан, силер карагыла" деп катуу эле айттым. Мага өзүмдүн эле балам эмес, андан запкы жеп калышы ыктымал болгон башка балдар да маанилүү. Бирок 9-март күнү баламды алганы барсам эле уулумдун чекеси сыйрылып, шишип калыптыр. Ал күнү уулумду реабилитациялык борбордун жетекчиси - Элмира Исаева өзү окуткан экен, андан "эмнеге мындай болду?" деп сурасам, "уулуңуз момпосуй уурдап жептир, ошого момпосуйдун кутучасы менен чаап жиберсем, сыйрып кетиптир, кечирип коюңуз" деди. Жакшылап байкасам, уулумдун тамагы да эки жагынан тең сыйрылып калыптыр.

Мугалимден жабыркаганы айтылып жаткан баланын чекеси.
Мугалимден жабыркаганы айтылып жаткан баланын чекеси.

"Мен жаңы эле маникүр жасаткан элем, тырмактарым курчураак окшойт, массаж жасап атсам, чийип кетиптир" деди. Мен анын сөзүнө ишене алган жокмун. Кантип эле курч тырмагы чийип кетет? Эки жагын тең чийип кетмек беле? Анын үстүнө уулум мугалими жакындаса эле башын колу менен калкалап, жазгана баштаганы ансайын жүрөгүмдү оорутту. Ал күнү унчуга албай эле кеттим. Үйгө барганда эле уулум кийимдерин чечип эле кир жуугуч машинеге ыргытты. Мен анын бул аракетинен "болду, ал жакка экинчи барбайм" дегенин түшүндүм".


Аман ошол бойдон бир нече күн мектепке барган эмес. Ата-энеси баланы ал борборго калтырбай, башка жакка алып кетүүнү чечишкен.

"Баламды башка жакка которуп, тиешелүү болгон окуу буюмдарын, төлөгөн акчамдын айырмасын алып кетейин деп бардым. Мугалимине "эмнеге мынча тырмактап салгансыңар, алкымынын баары көпкөк болуп кетиптир" десем, "шоколадды уурдап жейт, жарым саатта эки куту момпосуйумду жеп коюптур, жеп алып кечке каткырат" дейт. Эгер менин балам шоколад уурдаганын билсе, ал борборго барбайт болчу. Балам жегиси келсе, ашып кетсе 2-3 момпосуй жеши мүмкүн, бир кутуну толук жеп сала албайт. Ооба, каткырып күлөт, шоколад жебесе деле күлөт. Анткени азыр жазгы маалда булардын түрдүү жоруктары козголот. Мен баламдын өзгөчөлүктөрүн баарына түшүндүрүп айткам, башкалардан өзгөчө болгону үчүн ошол борборго бергенимди билишет эле. Билиши керек болчу. Балага туура мамиле жасап, татыктуу иштей алышпаса, иштебесин. Ал борбор жабылышы керек".

Мугалимден жабыркаганы айтылып жаткан баланын сол жак моюну
Мугалимден жабыркаганы айтылып жаткан баланын сол жак моюну

"Бул биринчиси эмес"

9-мартта уулунун чекесиндеги, моюнундагы тактарды көргөн ата-эне 10-мартта "Брайн Ап" реабилитациялык борборунун жетекчилигине каршы арыз менен Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Аталган милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул факт атайын журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдады.

"Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша реабилитациялык борбордун тарбиячысынын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

"Брайн Ап" реабилитациялык борборунда балдардын бирин тарбиячылары таяк менен чапкылаган тасма жыл башында социалдык тармактарга тарап, милиция кылмыш ишин козгогон. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү бул иш боюнча маалымат бере элек.

"Куру доомат"

Амандын апасынын дооматын "Брайн ап" нейрокоррекциялык борборунун жетекчиси Элмира Исаева четке какты. Ал балага кол көтөрбөгөнүн, бул дооматтын артында окуу борборун жаптыруу аракети турат деген пикирин айтты.

"Бул окуяда көп нерсе айтылбаптыр. Бирок мен аны азыр коомчулукка жарыялоону туура көрбөй турам. Эгер соттук териштирүү болсо, ошол жактан айтам. Өзгөчө балдардын жүрүм-туруму, кыймыл-аракети да өзгөчө болот. Бул бала да бизге социалдык оор жүрүм-туруму менен келген. Биздин борбордо окуп жүргөн учурунда кыйла жылыш болгон. Бала таттууну жакшы көрчү, бирок таттуу ал үчүн зыяндуу болгондуктан, апасы менен таттууну жакшы көргөн адатын тыялы, азайталы деп сүйлөшкөнбүз. 8-марттын алдында менин шкафымда кутудагы момпосуйлар көбөйүп кеткен эле. Бала ошолорду жеп алыптыр. Бул жерде маселе анын момпосуйду жеп салганында эмес, көп жеп алганында... Анткени анын таттуу жегени баланын ага чейинки биз үйрөткөн, сиңирген бардык көндүмдөрүн жууп кетип жатпайбы. Буга чейинки бардык жетишкендиктерин жокко чыгарат. Мен баланы момпосуйдун кутусу менен чапкан эмесмин, болгону куту менен аны көздөй шилтеп койгон элем. Чекеси көгөргөн эмес болчу, бул жактагы кыздар сызык болуп турганын айтышты".

Элмира Исаева Амандын апасы айтып жаткандай баланын оң, сол жак моюнундагы тактар тууралуу мындай түшүндүрмө берди.

"Баланы окутуп жаткан учурда аны тартипке чакыруу үчүн моюнунан кармап тартууга туура келген. Анын салмагы оор, албеттүү. Балким ошондо тырмактарым чийип кеткен болушу мүмкүн. Мен апасы айтып жаткандай баланын моюнун тытмалаган эмесмин".

"Брайн Ап" реабилитациялык борборунун жетекчиси жыл башында аутист баланы тарбиячылар сабаганы тартылган тасманы да өзүнө каршы адамдардын иши деп эсептейт. Анын сөзүнө караганда, окуяны видеого тарткан кыз кимдир-бирөөлөрдөн акча алган болушу ыктымал.

"Балдарды кайда окутууну билбей калдык"

Амандын окуясы аутизмден жабыркаган балдарга билим берүүчү мекемелер көйгөйүн күн тартибине чыгарды. Балдары аутизмден жабыркаган ата-энелер аларды окутуп, тарбиялоочу мамлекеттик мекемелер жоктугун, атайын көмөкчү мектептерге жана жалпы билим берүүчү орто мектептерге да албасын, бала бакчаларга да киргизүү мүмкүн эмес экенин айтып, даттанып келишет.

"Брайн Ап" нейрокоррекциялык борборунда январь айында болгон окуядан кийин аталган окуу борборунан айрым ата-энелер балдарын алып кетишкен. Амандын апасы баласын ошол мектепте калтырууга аргасыз болгонун айтып берди:

"Бизде деле кетсек деген ой болгон. Бирок социалдык тармактарда тараган тасмада тарбиячы менен бакмачы тартылган. Элмира Исаева тасмада болбогондуктан, биз деле "бир кишинин кылганы үчүн башка киши жооп бербеши керек" деп, көп маани берген эмеспиз. Анын үстүнө азыр аутист балдар үчүн көп мекемелердин эшиги жабык. Кеминде 25-30 миң сом төлөп, тарбиялай турган менчик мекемелер да алышпайт. Аутист балдардын туталанган акыбалынан, гиперактивдүүлүгүнөн, жүрүм-турумунан улам алуудан коркушат. Мендей ата-энелер түшүнөт, улам бир мектеп, реабилитациялык борборлорго которуудан өткөн азап жок. Бул балдар оңой менен чөйрөгө ыңгайлаша албайт, көнбөйт. Ошондуктан, жок дегенде ушул окуу жылы аяктаганча жүрүп турсун, тамга жазганды үйрөнүп калды, балким окуп калар деген умүт менен калтырганбыз".

Кыргызстанда акыл-эс жагынан, аутизмден жабыркаган балдарды окутуп, тарбиялоочу, жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү мамлекеттик мекемелер дээрлик жокко эсе. Жалпы республика боюнча бир нече атайын көмөкчү мектеп жана бала бакчаларга аутист диагнозу коюлган наристелерди оңой менен албайт.

Жарым жыл мурда кыргыз өкмөтүнүн чечими менен мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үйдө мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борбор түзүлгөн. Былтыр 29-декабрда борбордун ачылышы болуп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.


Мамлекет башчы бийлик майыптыгы барларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын айтып, аутизмден жабыркаган балдардын ата-энелеринде үмүт пайда болгон.

Президент Садыр Жапаров мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн "Келечек" реабилитациялык борборунун ачылышында сүйлөп жатат. 29-декабрь, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн "Келечек" реабилитациялык борборунун ачылышында сүйлөп жатат. 29-декабрь, 2023-жыл.

"Келечек" реабилитациялык борбору да аутизмден жабыркаган балдарга ылайыкталбаганын борбордун жетекчиси Чынаркүл Туменбаева "Азаттыкка" билдирди.

"Аутизмдин оор формасы менен жабыркаган, агрессивдүү же байланышка келбеген, социалдык карым-катыштан тышкары балдарды тилекке каршы ала албайбыз. Биздин борбор жобобуз боюнча нерв оорусу менен ооруган балдарга ыңгайлашкан. Аутизм психикалык оору болгондуктан, аларды ала албайбыз. Биз учурда аутизмдин жеңил формасы менен ооруган балдарды алууга аракеттенип жатабыз".

Кыргызстанда 36 миңден ашуун бала мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары расмий каттоодо турат. Алардын ичинен канчасы аутизмден жабыркай турганы тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстанда аутизмди дарылоого мүмкүн эместиги, анын ордуна балага узак жана түйшүктүү сессиялар керек деп табылып, 2021-жылдан тарта аутизмге чалдыккан балдар майыптыгын аныктоо үчүн атайын психико-неврологиялык ооруканага жатуу муктаждыгынан кутулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG