Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

"Авангарддагы" окуя аялуу балдарга мамилени ачык көргөздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Авангард клуб" спорт комплекси майыптыгы бар баланы кабыл албай койгону - мындай балдардын укугу көп жерлерде чектелерин ачыктады.

Бишкекте 24-февралда майып балдардын ата-энелери коомдогу басмырлоого каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Алар борбор калаадагы "Авангард клуб" спорт комплексиндеги соңку окуя бир топ көйгөйдү ачыкка чыгарганын айтышты.

"Биз майыптыгы бар балдардын энелердин демилгелүү тобу, акыркы кырдаалга нааразы болуп чыгып жатабыз. Кыргызстанда майып балдарга шарт жок. Коомдук унаа, коомдук жайларда пандус маселеси чечиле элек. Майып балдар билим алуудан да аксап келет. Биз бул көйгөйгө өкмөттүн, президенттин көңүлүн бургубуз келет", - деп айтылат ата-энелердин президентке жолдогон кайрылуусунда.

Бишкектеги "Авангард клуб" спорт клубу майыптыгы бар баласын кабыл албай койгону тууралуу апасынын Твиттерге жана Инстаграммга жазганы кызуу талкуу жаратты.

Министрлик көңүл бурууда

Спорт клубдагы окуя боюнча Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги да иш жүргүзүүдө. Аталган министрликтин Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тоодокелдиевдин айтуусунда учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Бул окуя боюнча биздин аймактык башкармалыкка тапшырма берилди. Азыр маселе эмнеден келип чыкканы, баланын укугу бузулушунун себеби жана башка жагдайлар иликтенип жатат. Биз бул баланын ата-энесин да таап, алар менен байланышып, укуктук жана башка жардам керек болсо, жардам беребиз".

21-февралда Бишкектик Малахова аттуу келин тубаса шал оорусунан жабыркаган баласын "Авангард клуб" спорт клубу бассейнине киргизбей койгонун, бул майыптыгы бар баланын укугун чектөө болгонун белгилеп, социалдык тармактарга жазган.

Басымдуу ата-энелер бул окуяда баланын таламын талашса, спорт клубдукун туура дегендер да болду.

"Майыптыгы бар баланы сууда сүзүүгө үйрөтүүгө атайын тажрыйба керек"

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын сууда сүзүү федерациясы бар. Бирок федерацияда саналуу гана машыктыруучу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды сууда сүзүүгө үйрөтөт.

Алардын бири - Ислам Турдыев майыптыгы бар, өзгөчө балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүү үчүн атайын билим жана тажрыйба зарыл деп эсептейт.

"Авангард клуб" спорт клубунда болгон окуя боюнча мен да окудум. Бирок бул жерде бир тараптуу клубдун кызматкерлерин айыптоо туура эмес. Анткени, майыптыгы бар же өзгөчө балдар менен иштештүү адистикти жана тажрыйбаны талап кылат. Ошондуктан, эгер аларда андай адистер жок болсо, клубдун кызматкери майыптыгы бар баланы албаганы баланын өзү үчүн да коопсуз болот. Майыптыгы бар баланы сууда сүзүүгө каалаган эле машыктыруучу үйрөтө албайт. Ал үчүн өзгөчө тажрыйба керек. Жөн эле акчасына кызыгып, ала берүүгө болбойт".

Бул аралыкта окуянын башкы күнөөкөрү - "Авангард клуб" соцтармактардагы баракчалары аркылуу көпчүлүктөн кечирим сурады. Анда клуб жакында майыптыгы бар адамдар менен иштеген машыктыруучулар үчүн атайын тренинг уюштуруларын белгилеп, кетирилген катачылык кайталанбасын билдирди. Маалыматка ылайык, аталган клубда үч жылдан бери 7-17 жаштагы майыптыгы бар балдар да машыктырылып келет.

"Авангард спорт клуб" комплекси соцтармак аркылуу коомчулуктан кечирим сурады.
"Авангард спорт клуб" комплекси соцтармак аркылуу коомчулуктан кечирим сурады.

"Адис жок" деген шылтоосу даяр"

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын коомго аралашуусу курч көйгөй бойдон калууда. Айрым ата-энелер мындай балдарды басмырлоо мамлекеттик органдарда да өкүм сүрөрүн айтып келишет.

12 жаштагы аутист Салим музыкага кызыгат. Бирок музыкалык мектептер баланын өзгөчөлүгүнөн улам аны кайсы бир аспапта үйрөтүүнү колго алгылары келген эмес. Апасы Сайрагүл Мамырованын айтуусунда, көп учурда андай балдарды окутуучу атайын адистер жок деп айтышат:

"Музыкага кызыгат, аспаптарда ойноону жакшы көрөт. Бирок музыкалык мектепке алып барсак, бизде мындай балдар менен иштей турган атайын адистер жок" деп албай коюшкан. Сууну да аябай жакшы көрөт. Сууга сүзгөнгө үйрөтөйүн десек, ага да "машыктыруучу жок" деп алышкан эмес. Менин балам аябай гиперактивдүү. Ошонусунан улам энергиясын чыгарганына жакшы деп, бийге берейин десем, ал жакка да албай коюшту. "Иштеше албайбыз сиздин балаңыз менен" дешти. Ошону менен азыр мектептен башка эч жакка деле барбайбыз".

Сайрагүл майыптыгы бар балдардын укугу көп жерден чектелерин айтып отурду. Ал мындай балдардын жагдайын жакшы түшүнө албаган менчик бала бакча, мектеп жана спорт клубдары гана эмес, айрым мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен да жагымсыз сөздөрдү угуп, көңүлү чөккөн учурлары көп болгонун эстеди.

"Мамлекеттик бала бакчага башынан жолоткон эмес. Менчик бакчалар эки күндөн кийин эле "балаңарды карай албайбыз, алып кеткиле" дей башташчу. Мектепке кирерде да атайын комиссияга бир нече күндөп, кезекке туруп жүрүп, араң киргенбиз. Комиссияга кезекке туруу үчүн ата-энелер майыптыгы бар балдарын жетелеп алып, таңкы саат алтыдан тартып, Бишкектеги №30 мектептин алдына чогула баштайт. Комиссиянын иши 9да башталат. Ал күнү кезегиң жетсе жетти, жетпесе жок. Бизден мурда балдар чарчайт, комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп бербей, чырдаса, "мектепте окуй албайт" деген тыянак чыгарып койгон учурлар да бар".

"Мамлекет өзү кызыкпаса, майыптыгы бар адамдар четке сүрүлө берет"

Өзгөчө же майыптыгы бар балдардын мектептен тышкаркы жөндөмдөрүн өнүктүрүү жаатында иштеген жеке билим берүүчү борборлору да бар. Ал жакта балдар китеп окуудан тартып, сүрөт тартуу, ырдоо сыяктуу жөндөмдөрүн өнүктүрө алат.

Андай мектептердин бири - "Росток" деген мектептин жетекчиси Гүлнара Касиева да майыптыгы бар балдарды өнүктүрүүгө, аларды коомго аралаш жашоого үйрөтүүгө эң ириде мамлекеттик органдар - тиешелүү министрликтер өздөрү кызыкдар эмес деп эсептейт. Ал мындай пикирге көп жылдардан бери майыптыгы бар балдар менен иштеп жүргөндөн кийин келген.

"Тилекке каршы майыптыгы бар балдарды коомго аралаштыруу боюнча мыйзамдар кабыл алынганы менен кагаз жүзүндө эле калып келет. Иштебейт. Жакын арада иштерине да көзүм жетпейт. Бул көйгөйдү көпчүлүк ата-энелер жеке менчик мектептер, эл аралык уюмдардын жардамы менен чечип келе жатат".


Кыргызстанда 18 жашка чыга элек майыптыгы бар 30 миңден ашуун бала катталган. Алардын үч миңден ашууну атайын интернат жайларда мамлекет тарабынан багылат. Ден соолугунан чектелген балдардын 40% гана жалпы билим алууда. Калганы үйүндө ата-энесинин же жакындарынын багуусунда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG