Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:59

Казакстанда аутизмге чалдыккан балдарга шарт түзүлбөгөнүн ата-энелер көтөрүп чыгышты. Дарыгерлер да муну ырасташып, мамлекет тараптан тиешелүү жардам болбой жатканын белгилешет.

Казакстандагы эксперттер өлкөдө аутизм менен жабыркаган балдардын саны өскөнүн айтып, коңгуроо кагышууда. Түштүк Казакстан облусунда 2014-жылы аутизмге чалдыккан 99 бала катталса, 2017-жылы бул көрсөткүч 121ге жеткен. Соңку жылдары казак маалымат каражаттары аутизмди дарылоо үчүн өлкөдө тиешелүү адистердин, атайын борборлордун жана аутист балдар менен иштей турган мугалимдердин жоктугун белгилеп келишет.

Түштүк Казакстан облусундагы психоневрологиялык диспансердин балдар бөлүмүнүн башчысы Айман Куттукожоева аутизм менен жабыркаган балдарга мүнөздөмө берди.

- Аутизм бул психикалык жактан жабыркоо. Аутист балдар түнт, унутчаак келип, бир эле кыймыл-аракетти кечке кайталай беришет. Көптөрү суу менен ойногонду жакшы көрүшөт. Алардын өз ички дүйнөсү бар. Учурда облуста каттоодо 121 бала турат. Аутизм менен жабыркаган балдар да экиге бөлүнөт. Алардын айрымдары акыл-эси ордунда, бирок башкалар менен сүйлөшүүдөн качышып, түнт келишет. Башкалары бир аз акыл-эси өнүкпөй калгандар. Мына ушул акыл-эсине доо кеткен балдар менен иштөө абдан кыйын.

Чымкенттеги аутист балдар менен өткөрүлгөн иш-чара ("Азаттыктын" казак кызматынын видеосу)

Аутизмдин себептери ушул күнгө чейин аныкталган эмес. Дарыгерлер аутизмди оору же дарт деп аташпай, бул адамдын психологиялык абалы деп айтканды туура көрүшөт. Куттукожаева эгер аутист баланын ата-энеси аны менен талыкпай иштесе, жылыш болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Меруерт Иманбаева уулунун өзгөчө белгилерин бир жарым жашында байкаган. Төрт жашка чейин ата-эне наристесин көптөгөн дарыгерлеге, эмчи-домчуларга алып барып көрүшкөн. Убактылуу жылыш болгону менен кайра эле бала бир өңчөй кыймылын кайталап, билген сөздөрүн да унутуп калган. Ошондо гана Мерурет Алматыдагы аутист балдардын ата-энелери түзгөн ассоциацияга барып, ал жактагы атайын борбордо адистер менен биргеликте баласын дарылоону баштаган.

- Мен ата-энелерге айтарым, аутизмден баланы алып чыгуу үчүн эң биринчиден, умтулуу жана талыкпай эмгектенүү керек. Ар бир ата-эне биринчи жоопкерчиликти өздөрүнө алуусу керек. Эненин бала менен болгон байланышы баарынан күчтүү. Эне баланы кирип кеткен дүйнөсүнөн чыгара алат.

Учурда мындай атайын борборлор Карагандыда, Астанада да ачылган. Алматыдагы “Аутизмди жеңсе болот” деген долбоордун алкагында ушул тапта 22 орусиялык адис иш алып барат.

Азаттык+ Өзгөчө дүйнө... Өзгөчө балдар...

Кыргызстанда да аутист балдарды дарылоочу адистердин, борборлордун жоктугу байма-бай айтылып келет. Бишкекте “Колдон колго” коомдук фондунун тизмесинде 200дөн ашуун бала турат. Ал эми Кыргызстанда аутизм менен жабыркагандардын так саны белгисиз, анткени аны так аныктай алган адистер өлкө боюнча жетишсиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG