Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Өзгөчө дүйнө... Өзгөчө балдар...


​​Бүгүнкү күнү аутист деп диагноз коюлган балдарын кучактап алып, андан ары кайда алып барарын билбеген ата-энелер ондоп саналат.
​​Бүгүнкү күнү аутист деп диагноз коюлган балдарын кучактап алып, андан ары кайда алып барарын билбеген ата-энелер ондоп саналат.

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча 117 бала гана аутист деген диагноз менен каттоого алынган. Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча мындай балдардын саны миңдеп саналат. "Азаттык+" бу сапар балдардын аутизм оорусун талдап көрдү.

Биздин арабызда сыртынан башкалардан айырмаланбаган, бирок ошол эле учурда интеллектуалдык жактан өзгөчө адамдар жашашат. Аларды көбүнчө бир көргөндө өтө жоош же өтө шок адам катары мүнөздөшөт. Булар –аутисттер.

Аутисттер – аутизм оорусунан жабыркаган адамдар. Мурдараак Советтер союзунун тушунда батыштын оорусу, азыр болсо айрым учурларда цивилизациянын илдети деп айтыла калып жүргөн аутизм оорусу кандай оору?

Өзгөчө дүйнө... Өзгөчө балдар... (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:27 0:00

Бишкекте акыл-эс жөндөмдүүлүгү өзгөчө балдар үчүн атайын үч мектеп бар. Бул мектептердин бирине аутист балдардын ата-энелери эл аралык уюмдардын жардамы менен атайын класс ачышкан.

Өзгөчө дүйнө... Өзгөчө балдар... (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:17 0:00

Бүгүнкү күнү аутист деп диагноз коюлган балдарын кучактап алып, андан ары кайда алып барарын билбеген ата-энелер ондоп саналат. Бишкекте аутист балдарды башка балдар менен кошуп, инклюзивдик билим берип жаткан дагы бир Балдардын угуусун жана сүйлөөсүн өрчүтүүчү борбор бар. Аталган борбордогу балдардын баары эле аутист эмес. Бирок балдарды аралаштырып окутуу алардын эртерээк ийгиликке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт дешет борбордун адистери.

Өзгөчө дүйнө... Өзгөчө балдар... (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:33 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жанарбек Жолдошбаев

    "Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).

XS
SM
MD
LG