Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

2-апрель - Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 630 бала аутизмден жабыркайт. Бул жалпы майыптыгы бар балдардын 1% ашууну.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматында Кыргызстанда 20 миңден ашык бала аутизмге чалдыккан.

Кыргызстанда аутизмди дарылоого мүмкүн эместиги, анын ордуна балага узак жана түйшүктүү сессиялар керек экени таанылган.

2021-жылдан тартып аутизмге чалдыккан балдар майыптыгын аныктоо үчүн атайын психика-неврологиялык ооруканага жатуу муктаждыгынан кутулган. Аутист балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок. Жалпы билим берүүчү мектепке албайт.

Кыргызстанда 34 миңден ашуун бала мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары расмий каттоодо турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG