Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Орусия Украинаны тик учактын чабуулу үчүн айыптады


Белгороддогу күйүп жаткан кампа.
Белгороддогу күйүп жаткан кампа.

Орусия Украинаны 1-апрелдин башында чек арадан анча алыс эмес Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына тик учак менен чабуул жасады деп айыптады.

Эгерде маалымат ырасталса, бул - Экинчи дүйнөлүк согуштан берки чет элдик күчтөрдүн орус жергесине жасаган биринчи аскердик чабуулу болот.

Бул аралыкта гуманитардык жардам топтору курчоого алынган Мариупол шаарына азык-түлүк жана жүк жеткирүү үчүн күрөшүп жаткан кезде эки тараптын Орусиянын Украинага каршы 37 күндүк согушун токтотуу боюнча сүйлөшүү уланды.

Орусия делегациясынын өкүлү Владимир Мединский Telegram баракчасында. "Крым жана Донбасс боюнча позициябыз өзгөргөн жок", - деп жазды.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын "Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына украин күчтөрү сокку урду" деген маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

"Учурда Украина өз аймагында орус агрессиясына каршы коргонуу операцияларын жүзөгө ашырып жатат. Бул Орусиянын аймагындагы ар бир катастрофа үчүн Украина жооптуу дегенди билдирбейт. Мен бул дооматтарды ырастабайм же четке какпайм", - деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Александр Мотузяник.

Буга чейин Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына Украинанын эки тик учагы 1-апрелге караган түнү сокку урганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG