Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Киев Белгородго сокку урулганын ырастаган же четке каккан жок


Белгороддогу күйүп жаткан кампа.
Белгороддогу күйүп жаткан кампа.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын "Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына украин күчтөрү сокку урду" деген маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

"Учурда Украина өз аймагында орус агрессиясына каршы коргонуу операцияларын жүзөгө ашырып жатат. Бул Орусиянын аймагындагы ар бир катастрофа үчүн Украина жооптуу дегенди билдирбейт. Мен бул дооматтарды ырастабайм же четке какпайм", - деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Александр Мотузяник.

Польшада жүргөн украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да ушуга окшош эле жооп узатты.

"Украинанын бул окуяга тиешеси бар же жок экенин ырастап, же четке кага албайм. Себеби менде бардык аскердик маалыматтар жок", - деди Кулеба.

Эгер ырасталып калса, анда бул Дүйнөлүк экинчи согуштан бери кайсы бир чет өлкөнүн армиясы Орусиянын аймагына сокку урган биринчи учур болуп калат.

Буга чейин Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына Украинанын эки тик учагы 1-апрелге караган түнү сокку урганын билдирген.

Белгороддогу кампа күйүп жатканы жана ага тик учактар сокку урганы тартылган деген такталбаган видеолор интернетке тараган болчу.
Гудков бул окуядан эки жумушчу жараат алганын айтса, күйүүчү май кампасына ээлик кылган "Роснефть" компаниясы өрттөн эч ким жабыркабаганын билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай окуялар сүйлөшүүлөргө "ыңгайлуу шарт" түзбөй турганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG